Предыдущая публикация
Жалганып сезим сүйбөстөн.
Жанаша бастык сүйлөшпөй.
Көнөктөп жамгыр ансайын.
Көңүлү бизге үндөшпөй.
Боздотүп жүрөк кылдарын.
Бошотуп мени кыйнадың.
Шокуму коштоп жамгырдын.
Шолоктоп неге ыйладын.
Соротор сөздү табалбай.
Соңундап эрчип барам жай.
Суу болуп бүткөн боюбуз.
Куюлат нөөшөр аянбай.
Бар беле башка кыйбарың.
Бар беле башка сыйларың.
Булутту карап калкыган.
Буркурап неге ыйладын.
Жалганбы сүйүү биздеги.
Жалганбы сезим издери.
Арманбы ушул дүнүйө.
Арманбы өмүр тизмеги.
Бар беле башка кыйбарын.
Бар беле башка сыйларын.
Булутка карап калкыган.
Буркурап неге ыйладын.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Комментарии 8
Жаткан жеринер жайлуу болсун.Чыныгы достукту далилдединер.
Рухунар жаннатта болсун