Жанымдан чыкпай турган
Жанымда уктай турган
Жаман сөз ушактарды
Жакшылап укпай турган
Жылытып жүрөктөрдү
Жүрөккө ыктай турган
Камырды ийлей турган
Каарыма тийбей турган
Көө кылып көөдөнүмдү
Көңүлгө чийбей турган
Кашында турганымда
Кысылбай бийлей турган
Ойлонуп сүйлөй турган
Очокту үйлөй турган
Кыямат күндө дагы
Колумдан сүйрөй турган
Өзүмдөн башкасыны
Өлсө да сүйбөй турган
Жанымда баса турган
Жан берип шаша турган
Керт башым менен болуп
Кызыкка бата турган
Таарыныч болсо дагы
Таң болуп ата турган
Жаманды кууп турган
Жакамды жууп турган
Бактылуу ата кылып
Балдарды тууп турган
Жан жака баса берчүү
Жолдорду бууп турган
Керекке жарап турган
Колтуктан таяп турган
Алтыным кейибе деп
Аябай аяп турган
Акыны самаганды
Ал дагы самап турган
Колумдан кармап турган
Күч кубат арнап турган
Сапардан келгичекти
Сагыныч камдап турган
Көрсөткөн урматымды
Кудайдан жалгап турган
Тандырдай күйүп турган
Тамагын үйүп турган
Таарынып кетсек дагы
Түңүлбөй сүйүп турган
Үйүмдүн куту болуп
Үлбүрөп күйүп турган
Алыска бара турган
Аябай бала тууган
Досторум келген кезде
Дасторкон жая турган
Кол жайып бата берсе
Корунбай ала турган
Маанайды туюп турган
Мен үчүн муюп турган
Конокко келгендерге
Колго суу куюп турган
Төрүмдү базар кылбай
Таптаза жыйып турган
Ата деп айта турган
Апа деп айта турган
Ар күнү ата-энемден
Ал сурап кайта турган
Баарына кайыл болуп
Болууга жаны курман
Мага жар керек.........
Ш.Д.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Нет комментариев