___🦋___
1. Колтуктан чыккан тердин тагы калган кийимди лимон ширеси же кадимки аш содасы менен кетирүүгө болот.
2. Абдан жактырган жемпериңиздин чоюлуп кетишин каалабасаңыз, анда, кечинде 3-4 саатка муздаткычка салып чыгарып коюңуз.
4. Чачты үтүктөгөн каражат менен майдараак суу болгон кийимди кургатып алууга болот.
5. Тоналдык кремден кийимге калган такты сакал алууда колдонгон көбүрткүч менен тазалоого болот.
6. Кеңейип кеткен бут кийимди калыбына келритүү үчүн желим баштыкка суу куюп, аны бут кийимге салып, тоңдургучка бир түнгө калтырып коюңуз.
7. Кызыл шараптан кийимиңизге так калса, анда, ага аш шараптан куюп кетирсеңиз болот. Же болбосо аш содасын сээп бир- эки саатка коё туруңуз.
8. Өтүктөрдүн формасы сакталып туруусу үчүн анын ичине журнал салып коюу керек.
9. Таманыңызды катуу дезодорант менен сүртүп койсрңуз, жаңы кийген бут кийимдин байлагычтары өйкөбөйт.
10. Булгаары кемселиңиздин жумшак болушун кааласаңыз, анда аны менен жамгырга калып, сейилдөөгө туура келет. Жамгырдын суусу жакшы жумшартат.
11. Чач үчүн колдонулган лактын жардамы менен кийимге жуккан помаданын тагын кетирүүгө болот.
12. Иймегиңиздин бекиткичин жоготуп алсаңыз, анда калемдин ластигин колдонсоңуз болот.
13. Жаңы кийе турган бут кийим бутуңузга жаракат алып келбесин десеңиз, анда, ага байпак кийгизип бир нече мүнөт фен иштеп турган тарапка коюп коюу керек.
14. Көз айнектин эскирген кармагычын тырмак боёгуч менен сүртүп бекитип койсо болот.
15. Булгарыга окшош кийимдердин сүртүлгөн жерлерин кетирүүгө ластик жардам берет.
16. Жемпердеги тоголоктонуп калган түктөрдү кадимки устара менен кетирүүгө болот.
17. Кийимиңиздин сыдыргычында көйгөй болсо, анын тишчелерине гигиеналык ооз боёгуч же графиттик калем менен сүйкөп коюңуз.
18. Идиш жууган каражатка сода салып ,колдонулбай калган тиш жуугуч щёткасын алып ак өндөгү бут кийимдерди тазаласа болот.
19. Кең жынсы шымдарды өтүктүн кончуна салуучу жакшы ыкма.
20. Кара түстөгү жынсылар жуугандан кийин агарып кетпеши үчүн аны жууп жатканда айнага дистиллировандалган укусустан жарым стакан кошуп коюу керек.
Пайдалуу маалыматка класс басууну унутпаныз
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Нет комментариев