Классташтар.
Асылдарым айтаар болсом ачыгын,
Ат айланып тапкан сымал казыгын.
Көп жыл өтүп араңарга кошулуп,
Кубанычтан көбүрдүм да, ташыдым!
Деген менен, дем кошулат демиме,
Сүйлөгүлө, кеп салгыла, дегиле.
Күндөгүдөн бүгүнкү күн бөтөнчө,
Кубангандан батпай турам териме!
Куштай сызып мезгил чиркин канатчан,
Турмуш бизди туш-тарапка тараткан.
Кезигүүчү күндү күтүп - күрсүнүп,
Күүгүм кирип, канчалаган таң аткан.
Күүдөн тайып үмүттөр да... улгайды.
Көздө күлкү, көөдөндөрдө муң-кайгы.
Бирок аттиң, көңүл чиркин аркага,
Кылчак -кылчак карай берет турбайбы...
Үзүлгөндү улаштырып - улоо жок...
Мыйзам экен мезгил агып, жыл оомок.
Кечөө -күнкү кундуз кара чачтарды,
Бүгүн минтип, бубак