Предыдущая публикация
Коштошууга ак гүлдү арнагансың,
Туу туткан махабатты таштагансың.
Соолуттурбай розаңды гүлзар кылдым,
А сен болсо жыл узабай ажыраштың.
"Жабыркадым жашоодон кечир"- дедиң,
"Кабыл алчы өзүңө кайтып келдим".
Арызданып алган жарың Көп жамандап,
Ого бетээр төмөнгө түшүп кеттиң.
Сен үчүн эшик жабык, жол караңгы,
Ак сүйүүм өчүп калган ал чактагы.
Алган жарың көз жашка чөктүргөн соң,
Күткөн чыгаар ал тагдыр мени дагы.
Азыр мен бактылуумун сенсиздикте,
Эч ким мени айыптабайт кемчиликте.
Өзүңдү бийик сезип турчу элең,
Сен дагы бакыт тапкын менсиздикте.
Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Комментарии 72
Ак булуттай колдоруңан кармагам.
Жылуу демиң сезимдерди серпитип
Өзүң элең мээримиңе чырмаган.
Сага жетбей канча жигит убара,,
Сага тийем сендик болом дайым деп,,
Канчасына Бердин экен убада