♥
Кайда катып алмакмын жалгызымды,
Ачыкка чыгарам жашырымды.
Өлсөм да,тынчтык алып жан дүйнөгө,
Кучактап жатаармын кабырымды.
♥
Билээрсин илгертен ашыгымды,
Түшүнсөң керек менин какшыгымды.
Жөн сүйлөсөм болдурап тилим буулат,
Ошондон эч таштабайм тамашамды.
♥
Ойлосом...ыр жазууга шыктанамын,
Күн улап өзүңүзгө суктанамын.
Улам эстеп ошондо салкын күндү,
Ичимден кыйла ирээт жылынамын.
♥
Тилегим өзүңүзгө жанашканга,
Түбөлүк жаныңызга жарашканга.
Ар күнү тагдырдан сурап коем,
Эки дүйнө бетме-бет карашканга...
♥
Сен билбесең мен билем кадырыңды,
Билип жүрчү сен дагы ачыгымды.
Ошентсе да сүйгүн деп байлабаймын,
Билсең болду мен сага ашыгымды...

Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Комментарии 108
Көңүл калды сизге да ,жашоого да!.
Сени суйгом ....жамандыкка карабай"****
Аттиң арман кадырыма жеткен жоксуң .....
Айла жоктон сүйөмүн деп айткан жоксуң....
Сүйбөгонгө суйкунбогун деген сөз бар .........
Сен да бир күн болот турсун бактылуу
Бирок...
Мендей табылбасын сырдуу дөңгөч .....
Мейли эми кош бол ....