Предыдущая публикация
👦
Жүдөңкү тарткан экен нур жүзүңүз,
Эмнегедир чарчаңкыдай көрүндүңүз.
Аста басып жылмайынкы жүргөнүңүз,
Дагы деле жүрөгүмдү өрттөдүңүз.
👦
Карегиңиз сырыңызды сактаган,
Дүйнөңүздө кайгы турат айтпаган.
Сезип койдум кайгы-капа учугун,
Сыйкырландым көзүңүзгө байланам.
👦
Булут сызып көк асманды айлана,
Сизди сүйдүм экинчи ирээт байлана.
Жети жолу дербиш болуп келсемда,
Сүйөөрүм сиз жети жолу ашыга.
👦
Талапкермин сүйүүңүзгө жетүүгө,
Бир чатырда түбөлүккө жүрүүгө.
Жөлөк болуп бирге өмүр сүрүүгө,
Карылыкты сиз менен бир күтүүгө.

Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Комментарии 96