Чындап эле пай-пай дегидей сөөктү агартып, көңүлдү тазартып өтө жогорку деңгээлде уюштуруп манасчыларды тосуп алгандыгы үчүн Чоң-Алай районунун акими Темирболот Абыкеевге жана бир катар жетекчилерге алкыш айтабыз. Эми элдин арты суюлбай, суроо узаткандар куюндай эле уюлгуп турду. Эл Манаска суусап калыптыр. Чаң баскан жерге суу сепкендей эле болду. Улуу баянга болгон урмат-сыйы чексиз экенин иш жүзүндө көрө алдык.
Ушундай улуу ишке колдоо көрсөткөн Ош облусунун башчысы Эльчибек Джантаевге ыраазычылык билдиребиз.