ДООРОНБЕК САДЫРБАЕВ
УУЛУМА
Акчаны абдан кор кармаптырмын,
Агызып тапсам дагы маңдай терим.
Жарыган дүйнө басып албаптырмын,
Малымдын мааниси жок бирин-серин.
Асыл таш алтын-күмүш алам десе,
Апаңды акырая караар элем.
Дубалга килем-кечек тагам десе,
Дулдуюп дудук болуп калаар элем.
Энчилеп эмеректин жалтырагын,
Сандыкка салбаптырбыз өлүп-тала.
Эми мен сага мурас калтырарым,
Эзелки бабалардын ыры гана.
Жылдызың күңүрт жанып ылдыйланып,
Ойт берип тагдыр чанып турган кезде.
Оозуңдан же болбосо от тутанып,
Ооматың келсе да ушул ырларды эсте.
...''Бул дүйнөдө не болбойт?
Жар куланып суу болбойт.
Жалгыз өлсө чуу болбойт.
Жуусаң да нурга,журтуна
Жуг