Бишкек шаарындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинде Эразмус плюстун «Paving the way to interregional mobility and ensuring relevance, quality and equity of access (PAWER)» долбоорунун башкаруучу комитетинин 5-отчеттук жыйыны өтүп жатат. Иш-чараны КРнын Билим берүү жана илим министринин орун басары Кожобеков Кудайберди Гапаралиевич сөз сүйлөп ачып, академиялык мобилдүүлүк жогорку билим алуудагы приоритеттүү багыттардын бири экендигин белгилеп, проекттин ишине ийгиликтерди каалады. Бул жыйында ошондой эле жогоруда аталган университеттин ректору Нургазиев Рысбек Зарылдыкович жана Эразмус плюстун Кыргызстандагы улуттук кеңсесинин директору Гүлнара Чокушовалар сөз сүйлөшүп, PAWER 4 чоң регионду бириктирген ири проект экендигин жана ал 2016-жылдан бери ийгиликтүү иштеп келе жаткандыгын билдиришти.
Бул жолугушууга 5 өлкөнүн министрлигинин өкүлдөрү, Англия, Италия, Польша, Венгрия, Грузия, Азербайджан, Монголия, Казакстан, Өзбекстан, Тажикистан, Кыргызстан ж.б. жалпысынан 13 мамлекеттеги 18 окуу жайдын кызматкерлери катышып, долбоордун алкагында аткарылган иштер боюнча отчетторду беришип, келечектеги пландарды талкуулашты. Координаторлук кылган Италиянын Л’Аквила университетинин доктору Д. Массимиляно долбоордун максаттарына жетүүдөгү негизги жыйынтыктарга жана алдыңкы тажрыйбаны жайылтуу маселелерине токтолду.
Иш-чарага Ош мамлекеттик университетинен Эрлан Камалов менен Семетей Амиралиев катышып, долбоор боюнча жасалган жумуштар туурасында маалыматтарды беришип, окуу жайдын академиялык мобилдүүлүк жаатындагы жетишкендиктер жана өнөктөштөр менен регионалдык конференцияга карата даярдыктар туурасында пикир алмашышты.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Нет комментариев