12.17) “Ош декларациясынын” алкагындагы ички мобилдүүлүк боюнча Талас, Ысык-Көл, Баткен мамлекеттик университеттеринен келип окуп жаткан студенттерге “Ордендүү ОшМУга саякат” аттуу экскурсия уюштурду. Саякаттын жүрүшүндө алар орошон ОшМУ, анын инфраструктурасы, музейи, дистанттык борбору, окуу корпустары, бардык факультеттери (МИТ, ФИЗТЕХ, ИНФАК, МЕДФАК, ФИЛФАК, ИСТФАК, БИМ, ПЕДФАК ж.б.), китепканалар, лабораториялар ж.б. менен жакындан таанышып чыгышты. Декандарыбыз, декандардын орун басарлары, окутуучуларыбыз жылуу тосуп алышып, өздөрүнүн факультеттери тууралуу жалпы маалыматтарды беришти.
Атайын жалданган минибус конок студенттерибизди эртеден кечке кыдыртып, ордолуу Ош шаарына дагы саякат жасатты. Көз жоосун алган кыргыз-кытай факультетинде меймандарга сый тамак уюштуруп бердик.
Экскурциябызды уюштурууга материалдык жана моралдык жактан жардам көрсөткөндүгү үчүн айкөл инсан ректорубуз урматтуу Каныбек Абдуваситовичке, проректор Абдыганы Осмоновичке, жаштар комитетинин төрагасы Мурат Алтынбек уулуна терең ыраазычылык билдиребиз.
Бул саякат студенттерибизге жылуу сезимдерди, бактылуу көз ирмемдерди тартуулап, жакшы таасирлерди калтырды. ОшМУнун жаратып жаткан ийгиликтери, жетишкендиктери, автоматташтырылган, сапаттуу, заманбап билим берүү системасы, билим экспорту, ынтымактуу жамааты, дүйнөгө атагы чыккан илимпоздору ж.б. жөнүндө өз окуу жайларына айта бармай болушту.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Нет комментариев