Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө иран окуу жайлары менен ОшМУнун гуманитардык, маданий жана медицина багыттарында кызматашуу пландары талкууланды.Андан соң чоң актылык залда “Иран тасмаларынын” күнүнө арналган салтанат башталды. Иш-чараны ректор К. Кожобеков сөз сүйлөп ачып, эл аралык мамилелер факультетинде “Иран таануу” борбору 2001-жылы ачылып, студенттерге фарси тилин, Ирандын маданиятын, тарыхын, руханий азыктарга бай болгон адабиятын үйрөтүп келе жаткандыгын, ошондой эле иран элчилиги менен биргеликте окуу жайда ар кандай маданий иш-чаралар өткөрүлүп тургандыгын билдирди. Университет маданий өкүлчүлүк менен кызматташуусун мындан ары да арттырууга даяр экендигин кошумчалап, өткөрүлүп жаткан мааракеге ийгиликтерди каалады.
Ал эми Парвиз Гасеми мырза эл аралык кино конкурстарында бир нече сыйлыктарга татыктуу болгон тасмаларды уюштурууга көмөк көрсөткөндүгү үчүн жетекчиликке ыраазычылыгын билдирип, элчиликтин окуу жай менен тыгыз кызматташуусу келечекте өнүгө берерин айты.Көрүүчүлөргө терең тарыхты камтыган, колдо бар алтынды барктай билүүгө чакырган “Алтын жана жез”, “Дем” аталыштарындагы көркөм фильмдер тартууланды.Иран тасмаларынын күндөрү ОшМУда экинчи ирет белгиленип жатат. Аны элчиликтин демилгеси менен эл аралык мамилелер факультети жана эл аралык байланыштар бөлүмү уюштуруп келүүдө.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Нет комментариев