Чыдамсыздык менен күтүп жүргөн күнүбүз да кирип келди...... Жан дүйнөгө чоң инвестиция боло турчу "БИР АДАМДАН БИР КИТЕП" долбоорунун салтанаттуу ачылыш аземин жогорку деңгээлде өткөрүп алдык десем жаңылышпайм.
Аземди көрккө бөлөгөн,
✓"Мектебим менин эсимде" долбоорун Нарын аймагында ишке ашырып жүргөн Ринат агайыбыз,
✓Нарын Казыятынан-Кумар агайыбыз,
✓КМЮАнын студенти, Швейцарияда өткөн "Интеллектуалдык менчик" форумунун катышуучусу Эрлан агайыбыз,
✓КУУнун журналистика факультетинин 2-курсунун студенти- Айгерим эжекебиз,
✓Эл аралык Кувейт университетинин студенти, ДИДАР китеп борборунун негиздөөчүсү- Кутман агайларыбыз жалпыбызга кызыктуу семинар-тренингдерди өтүп беришти.
"Канча күткөнүн эмес, кимди күткөнүң-маанилүү" жана "Жакшы ооздон-жакшы кеп чыгат",-деп бекеринен айтылбаса керек... Анын сыңары агайларыбыз, эжелерибиз жүрөктү жылытып эмес, ысытып кетишти.
Атап айтсак
✓Түгөл уулу Усупбек мектебинин директору Асылбеков Казыбек агайыбыздын,
✓Садыкказы Мамбетов орто мектебинин директору Примбаева Эльнура эжейибиздин жана
✓Мурат Осмонов орто мектебинин уюштуруучусу Күмөналиев Токтобек агайыбыздын айткан каалоо тилектери дагы да бизге дем күч берип өттү.
Жолдун узактыгына карабай, алтын убактыңыздарды бөлүп, жан дилиңиздер менен маек куруп, ар бирибиздин демибизге-дем, күчүбүзгө-күч кошконуңуздар үчүн чоооооооң рахмааат......
Келип бергениңиздердин өзү бизге чоң стимул. Сиздерге чексиз таазим....
19у күнү кечинде күндүн көзү ачылбай, толгон айдын нурун кара булут каптап калды эле. Бирок, эртең менен тоо арасындагы алакандай айылыбызга күн жаркыраган нурун чачып, көк асмандуу таң атты. Аба ырайын айтып жатканым себеби, биздин ачылуу аземибиз, т.а. жалпы эл менен жолугушуу ачык асман алдында өтмөк. Кечинде күндүн кабагы бүркөлүп турса да аруу аппак таңды атырган, керемет иш-чараны бизге буюрган, асыл адамдар менен жолугушууну, алар менен кеңири маек курууну насип кылган ЖАРАТКАНГА шүгүрчүлүк...
📕📕📕📕📕📕📕📕📕
Жалпы 800гө жакын КИТЕП менен "БИР АДАМДАН БИР КИТЕП"долбоорун салтанаттуу түрдө ачып алдык. Айыл тургундарыбыздан, демөөрчүлөрдөн чогулган акчалай салымга СЫЯСЫ кургай элек китептердин түрлөрү китепканабыздан орун алды. Көргөндө көзүбүз уялса, аны окусак жан дүйнөбүздүн көзү ачылаары бышык. Келечекти көздөй баратканда, бул китептер жол көрсөтө турчу түбөлүктүү өчпөс чырак болуп берээри анык
"КИТЕП-БИЛИМ БУЛАГЫ,
БИЛИМ- ӨНӨР ЧЫРАГЫ" -демекчи жан досубуз жакшы КИТЕП менен көптөгөн, бийиктиктерди багынтып, жашоодо өз ордубузду жаңылбай таба алабыз......
Келиңиздер, КЕЛИҢИЗДЕР китепканага урматтуу аталар, апалар, эжелер, байкелер, бөбөктөр өзүңүздөр каалаган, көңүлүңүздөргө жаккан китептерди таба аласыздар, АР бириңиздер үчүн эшик ачык!!!!!
Текстти иштеп чыккан: Байыш кызы Бермет
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Комментарии 5
Ар дайым бар болунуздар!!!