ТОЙ КЫЛУУДАН МУРДА ОЙ ЖҮГҮРТҮП АЛБАЙЛЫБЫ ДОСУМ
Апаңды да ушунтип лимузин менен шаар айланткансыңбы?
Бүгүн турмуш куруп жаткан аялыңды 6 чакырым алыстыктан алып келгени, 6 миңден кымбат машынанын 16сын тизип алып шаар айланган жаштарды көрдүм, бирок апасын ошончо машына менен юбилей тойлордо шаар айлантып ойноткон жаштарды көрө элекмин. Ар бир тууганыңдын же досторуңдун катардагы эле машынасы менен да келиндин үйүнө барып келсе да болот досум
Тойдо 1-суюк тамак 2-манты 3-грил 4-эт 5-аш сыяктуу тамактар 3 сааттын ичинде конокторго тартылып бүтөт. Тартылган тамактардын биринчиси гана коноктордун жолдон келгендигине байланыштуу жээлет, ал эми калгандары ооз тийилип той бүткөндө таштандыга та