Жаш өтүп калган ооба жарашпаарын , Жат болуп калган турам билип аны . Жакалап токтото албайт окшойм , кантем , Жазбасам болбой турат лириканы . Эсимде эркелетип ,,улар“ дегем , Энчиме бир жаралган ,,кумар“ дегем . Эрк жетпей түз айтканга турсам дагы , Эркемди жүрөк үнүн угаар дегем.... Таптанып айта албай эчен жерден , Таптаттуу азап менен кесел берген... Таң кечке жолун карап күтө берем , Татынам баш бакса деп мессенжерден . Шынаарлап жылуу сүйлөп агаласаң , Шыктанып эргүү менен аралашам . Жашоодон чоң канагат алам эркем , Жандырып сүйүү жүрөк жаралсаң ...
Өзүңсүң...... Өзүңсүң өлө тала сагындырган Өпкөмдү, жүрөктү чаап жалындырган Өзүң деп өтүп кетти жарым кылым Өзүңсүң махабатка багындырган Өзүңсүң жайып торду чалындырган Өзүңө жетемин деп алым курган.. Өмүрдөн катар жүрүп өтүш үчүн Өзүңө чабайынчы жаным курман.. Өзүңсүң сарсанаага салып турган Өзүңсүң жүрөгүмдү кагып турган Өчүрбөй өтсө дагы бир топ жылдар Өзүңсүң билигиме тамып турган Өзүңсүң айдай нурун чачып турган Өзүңсүң ак булутка батып турган Өзүңсүң купуя сыр жүрөктөгү Өзгөгө билдирбестен катып турган Өзүң деп жүрүп ырга жакын болдум Өзүңө ыр арнайм деп акын болдум Өзүңө жакындатпай алыстаган Өрөпкүп сунсам колду закым болдуң
Кусалык Кандай жаман калса умут акталбай Карагаттай карегинде жаш калбай Сузуп барып ара жолдо калганча Суйуу чиркин койсо болмок башталбай Биз кездешчу ошол суйуу дарагын Мен да барып тегеренип карадым Дарак турат суйуубуздой картайган Дайынын жок корунбоду караанын Сүрүп жылдар ал кундордон узадык Суйуубузго жетпей койдук тушалып Озунду мен ойлоп журуп отоормун Омур бою коштоп алып кусалык