Предыдущая публикация
Көргүм келет ак жүзүңдү кайра, чын,
Көрүү үчүн кетип барат кайратым.
Үшүп турам бул кышта "ичикийлеп"
Издеп сени таппай койдум кайдасың?
Түгөп барат көз жашы кусалыктын,
Көргүм келип чыдабай куса жуттум.
Ансайын акыбалым бузат менин,
Көөдөндөгү арманым, күч алып муң.
Кыйнады да кусалык, кыйнады да,
Кыйналганда эт жүрөк ыйлады да.
Күмөн эмес - өмүрдүн узарышы,
Көргөн кезде өзүңдү кыйла жылга.
Кусалыктан алоолоп, күйүп денем,
Илгеркидей жөн эмес, сүйүп терең.
Мүдүрүлүп, чалынып келдим сага,
"Көрөм" деген бир эле үмүт менен.
Арген Болушов


Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Комментарии 10