Агасыны сыйлабас жинди көргөм.
Баланчаны түкүнчө тигиндей деп.
Тынчыбаган ушактан тилди көргөм.
Шамал менен жарышкан тайды көргөм.
Короо - короо малы бар байды көргөм.
Заңгыраган үйлөрдө жашап жүрүп.
Ал өлгөндө коюлган жайды көргөм.
Көп көөдөндү айныткан пулду көргөм.
Каткан нанга жан баккан кулду көргөм.
Жакшы болуп жүргөнгө эмне жетсин.
Кандай жакшы жашоодо "үлгү" болгон.
Жарты нандын жартысын жарты бөлгөн.
Эч нерсеге жетпеген жарды көргөм.
Бүт ааламды түкүрүп тоотпогон.
Көкүрөгү ыйманга зарды көргөм.
Ата - энеден айрылган жетим көргөм.
Этеги жок, жеңи жок кепин көргөм.
Акчалуунун кир ишин, таза кылган.
Акыйкаитын "а"сы жок чечим көргөм.
Ырайымсыз башкарган ханды көргөм.
Ырайымсыз агылган канды көргөм.
Байдын жүгүн ташыган учак кулап.
Чоң алаамат каптаган таңды көргөм.
Өз элинен куулган бекти көргөм.
Ак жеринен камалган зекти көргөм.
Кышта үйдү ток менен жылытам деп.
Ага келген миң миң деп чекти көргөм.
Ар бир адам "ит" эмес адам болсун.
Ар адамдын кылганы адал болсун.
Ушул жерден бул ырды бүтүрөйүн.
Баарынан да, кыргызым аман болсун.


Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Нет комментариев