Кудайдан күндө тилек кылам адам баласына берген бактыңдан мага дагы берчи дейм. Аллахымдын берчү жакшылыктары көп мен басып туруп үмүтүмдү үзбөй жашап келем. Бактылуу болгом бирок ал бактым көпкө созулган жок ошол күндөрдү көз алдыман күндө өткөрөм .Өзүмдү алаксытып унутайын дейм бирок мен үчүн ошол көз ирмемди унутуу кыйын. Ошол бактылуу болгон күндөрүмдү эстеген сайын көзүмдөн жаш куйулат. Ушинтип кыйналып жүргөнүмдү билген адам бар болду бекен элдин көзүнчө санаасы жоктой болуп жүрө берем. Мына азыр дагы жалгыз бөлмөнүн бир буручунда байкуш болуп олтурам. Сырымды айтып бугумду чыгарганга адам жок. Менин башыма келген жалгыздыкты башынан өткөргөндөр түшүнөт. Ойлонуп олтурам ойума не деген ойлор келет.Мени эми эч ким апа дебейт чоң эне же болбосо тайэне деп эч ким чакырбайт. Бирөнө кайнене бирөөнө жубай болбойм. Чубак ажы айткандай өтүп кетсем жаназама ким турат. Кийин ушундай апабыз бар эле деп ким куран окуйт. Мен өлүмдөн коркпойм бирок жалгыздык мени коркутат. Мен ойлогон адамым мени эскирген кийимдей кылып таштап кетти. Ичим өртөнүп барат экиден ээрчишип баскандарды көргөндө өзүмдү адам баласынан кем сезип кетем. Бала ээрчитип жүргөндөрдү көргөндө жер аңтарылып дүйнөм караңгы болуп сезилет. Бир кем дуйно деген ушул окшойт.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Комментарии 4