Мейли мени жаман коруп жектегиле,
Ар соз айтып каалаганча тилдегиле.
Бирок мен бир нерсени суранамын,
Башымдагы жолугума тийбегиле!
Ыраазымын канча болсо жектегиле,
Ар кайсыны шылтоо кылып тилдегиле.
Мен сиздерден отунуп суранамын,
Ыйык таза, диниме тийбегиле!
Мейли мени жек коруп, жирегиле,
Мен жонундо каалаганча суйлогуло.
Дагы да отунуп суранайын,
Пайгамбарым Мухаммадга тийбегиле.
“Кылым бою турсамчы”
Жаратсаң да өмүрлөрдү аз берип
Жашата көр ыйман салып бак берип
Урмат менен сажда кылып өзүңө
Ушул туну ыйлайынчы жаш төгүп
Элдер чыкты пайгамбарды мазактап
Эшектерге өчпөй турган катат так
Моюн сунуп тураламбы дубасыз
Момундарды кырып жатса азаптап
Мухаммад ким адамзаттын таажысы
Муну билбей чыкты душман дабышы
Жан кейиткен махшар куну инша Аллах
Жалдырашат пайгамбарга баарысы
Мен кантейин менин жаным курусун
Мээнет кылбай үммө болду турушум
Мухаммадды тааныталбай баарына
Мунга батам эстеп өмүр жылышын
Уктап жаткан жүрөктөргө туюлуп
Урмат кылбас колдор ага сунулуп
Кылым бою Мухаммад деп турсамчы
Кыйкырыгым бүт дүйнөгө угулуп!
Женишбек