Катын дебе балдарыңдын апасын.
Чукулаба кичинекей катасын.
Жаным дегин гүлүм дегин акырыын.
Жумшак гана.. жазып анын капасын
Катын дебе бир өмүрлүк жарыңды.
Кайыл кылып турган жогу барыңды.
Гүлгө айланткан чаңы учуп бозоргон.
Короо сарай,чарбак,ташы тамыңды.
Катын дебе кетсең сени сагынып.
Жараткандан аман кыл деп жалынып.
Келгениңде наздуу гана калп эле.
Эркелесе нары карап,тарынып.
Катын дебе жаным дегин гүлүм де.
Теңдеши жок жаркыраган күнүм де.
Күндө келип жумушуңдан..жатканда
Өзгөчөсүң,сулуусуң го бүгүн де.
Бу турмушта болот кээде чыр чатак.
Жайгарып кой теңелбестен сыр сактап.
Мына шондо жөнөсө да той пойго.
Баргысы жок улам сага кылчактап.
Ошо катын сенин жашоо мазмунуң.
Ошол бар