.АПАМ КИМГЕ КЕРЕК?
Заңгыраган кооз тойканада эки жаштын үйлөнү үлпөтү шаңдуу өтүп жаткан. Төрдөгү бийик секичеде тойдун күнөөкөрлөрү болушкан келин менен күйөө жигит бакыттын кучагында термелишип, жүздөрүнөн кубаныч төгүлүп турган эле. Ортодо күйөө жигиттин апасы кубанычына жетине албай туугандары менен бийге түшүп бийлеп, кайра ары-бери жүгүрүп кудалары менен меймандарды жайгарып жүрдү. Бүгүн байкуш эненин бактысын сөз менен айтып жеткирүү кыйын болчу. Анткени жаштайынан атасынан жетим калган жалгыз уулу, таянар тоосу болгон баласы аман-эсен эр жетип түндүк көтөрүп жаткан эле. Тойго келген бардык коноктор, тууган-уруктар ортодо күйпөлөктөп жүргөн апаны кезектешип куттуктап жатышты. Көп ада
~ӨГӨЙ ЭНЕМ ӨЗ ЭНЕМ~
Жаш ыймандуу, түшүнүктүү жигит жаш кызга үйлөндү. Аялы дагы ыймандуу эле. Алар өтө бактылуу жашап жатышты. Келинчеги күнүгө таңда жолдошун намазга ойготчу. Жылдар өтүп, кыздуу болушту. Көп өтпөй келинчеги каза тапты. Азап чеккен жолдошу аялынын кабырына күндө барып, куран окуп келет. Жолдошу апасы менен ымыркай кызды багуу кыйынчылыкты жаратты. Апасы баласына:
" Балам, балким үйлөнөрсүң. Кызыңа эне керек" деди.
Жигит: " Апа сиз эмне десеңиз, ошондой болот." деп
үйлөндү. Үйлөнгөн жары биринчи аялына окшоп кетер эле. Бирок жүрөгү катуу, жолдошунун кызын өз кызындай көрбөстөн, үйдө эч ким жокто аябай кор кылчу. Жолдошунун кызы аны "Апа"-деп атаса, "Мени апа дебе"-деп уруша
БАЛДАРЫМА АТА ТАНДАЙМ
Бүркүттөрдүн ургачылары келечектеги балапандары үчүн “атасын” кантип тандаганын билесизби? Алгач кургап калган чыбыкты оозуна тиштеп , асманга бийик учуп, айлана баштайт. Жанында болсо келечекте “ата” болом деген талапкерлер ургачы бүркүттү тегеренип учушат. “Ата” болчу азаматтар көбөйгөнүн сезген ургаачы бүркүт оозундагы чыбыкты кое берип, карап турат. Ылдый көздөй түшүп бараткан чыбыкты бүркүттөрдүн бирөөсү эпчилдикке салып, абадан тиштеп, кайра акырын ургаачынын тумшугуна тиштетет. Ургаачы кайра чырпыкты кое берет, эркектер жан талашып учуп, кайра чырпыкты “ээсине” кайтарат. Бул абал бир нече жолу кайталанат. Эгер ургаачы ыргыткан чыбыкты шамдагайчасынан кайра-кайр