Предыдущая публикация
Колун сермеп, этек жеңин делбиреп
Мээрим төгүп эт жүрөгүн элжиреп
Тосор элең кубанычка бөлөнүп
Эркетайым, кенжетайым келди деп
Бирок апа бара албадым кантейин
Барам сөзсүз капа болбо анчейин
Амандыкта жакшылыктын кечи жок
Барбай койбойм кантип эле антейин
Жараткандан сага өмүр сурадым
Пайгамбарга тең жаш болгон убагын
Эсен журчу не болсо да апаке
Куттуу болсун алтымыш беш курагын
Апа өзөн бала анын булагы
Сен керексин, мен да керек туурабы?
Санаа чекпе, жонсуз тартып убайым
Ансыз дагы алтын башын куурады
Өткөн кезге кол шилтеп көз жумамын
Аман болсоң мен бакытка тунамын
Кызыл букет бере албадым а бирок
Гүл ордуна ушул ырды сунамын...
Азим Сатымкулов
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Нет комментариев