Эч чөкпөгүн сен өлкөгө керексиң.
Сыймык менен башты бийик көтөрүп.
Элге кызмат кылганга эх не жетсин.
Отко салган болотундай устанын.
Күйүп турат көкүрөгүң бүт жалын.
Жолборс жүрөк сендей эрлер турганда.
Сести ала албайт өлкө ичинде душманым.
Үмүт артып ишенген соң мекеним.
Жөн кетирбей келген өмүр кезегин.
Ак кызматың арноодосуң а бирок.
Учундасың уу чыланган жебенин.
Элеси эсте өмүрдөн эрте соолушкан.
Жигиттер канча карасаң көздөн от учкан.
Тайманбай эч бир ажалга тике карашып.
Эрдикти жасап кылмышкер жолун тосушкан.
Кабагыңда сүр болгону үчүн көп.
Караганда кетет жүрөк дүкүлдөп.
Катарыңда уул кыздарды энелер.
Тууса керек эл кызматы үчүн деп.
Мекенчилдик жүрөгүң бир жанда жок.
Тартип үчүн издейсиң ээ арга көп.
Бийиктетип кадыр баркың туудан да.
Көкүрөктө намысыңды карма бек.


Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Комментарии 8