-Ало байке мен келдим, сиз жоксузго?
-иним негедир шаар айланып баскым келди .
-коюнчу ээ туулган кунунуздобу? Кайердесиз азыр?
Байкемди кайжерде экенин сураганымда ал « абайла чон кыз» деп бакырып кайдадыр чуркап кеткендей болду. Мен шашкалактап «Ало,Ало! Байке! Ало!» деп тынбай жаттым. Унаанын ундору, катуу токтогону, кудум унаа балэкети (автоавария) болгон сыяктуу. Тыншап турсам адамдар «тез жардам! Тез жардамга чалгыла тез!» деп кыйркыра башташты. Баарынана бир кыз ыйлап «мени кечириниз,мунун баары мени деп. Суранам козунузду ачынызчы» . Мен баарын тушундум дароо унаама отуруп , бир дос балама чалып байкем менен суйлошкондо, ал кайдан суйлошкондугу тууралы билип беруусун отундум.
-аз убакыт ичинде ал мага даректи берди. Канчалык тез жетип барганымды билбейм, тез жардам алигиче келе элек экен. Адамдар топтолуп турганын аларды жарып отсом, байкемдин башынан кучактап бир кыз ыйлап отуруптур. Байкемдин башы-козу кан. Дароо тиги кызды ордунан тургуза кармап:
-Акмак! Сен суздунбу байкемди! А айт мага?
Ал суйлой албай улам-улам жер карап ыйлап жатты.
Мен аны шапалактап чаап жибергенде элдер ортого тушуп мени кармап алыштыда мага баарын айтышты. Корсо байкем ушул ыйлап жаткан кызды куткарам деп озу унаага кагылыптыр. Байкемди сузгон адамдар качып кеткенин укканымда жаным тызылдап болбой калдым. Бакырып окуруп жинденип, адамдар менен биргеликте байкемди унаага салдык. Тиги кыз менда барам деп болбойт. Эгер ал эркек болгондо жанын сууруп алмакмын. Айла жок озум менен бирге алып кеттим. Жолдо баратып досторго чалып бул иш боюнча иш алып барууларын отундум. Негизи мен хаккер жигиттерденмин. Досторумда ошондой. Биз коптогон банктарды карап иштетибиз . Ал жактагы акчалар биздин мойнубузда. Улам-улам ал жакты кодун жанылап алмаштырып, башкаларга уурдатбай кармап беребиз.
Тез арада бейтапканага жетип байкемди операциялык болмого жаткырдык. Уйдогулор эчкимиси билбейт. Алар кафеде бизди кутуп отурушкандыр. Апам чалып жатат,алгым келбейт. Байкуш апамдын журогу сезип озунчо алагды болуп жаткандыр. Байкем куткарам деген кыз отургучта ыйлап жашын тыя албайт. Жанына барып отуруп:
-бугунчо кочого чыкпай эле турбайт беленер я?
-мен… мен мы-н-д… ал ыйлап суйлой албайт.
Мен аны ушунчалык жек коруп турдум. Ошол жердин озундо муунтуп салгым келди. Ангыча эки –уч досум жетип келип,алар менен саламдашып алар менен кетишке аргасыз болдум. Эшике чыгып досторумду кутуп тургула деп кайра ичкери кирдим.
Апапак кийим кийинип, кудум периште сымал.
Аралап жаштары сызып, жузу нурдуу ай жамал.
Карап туруп алыстан, ал кызга боорум ооруйт.
Колдорум шапалактаган, калтырап аздан ооруп.
Жанына бара албадым, сыртка чыктым жай…
Достор менен жоноп кеттик, кудум шамалдай.
Ким урганы табылган, унаасы жолдо калган.
Урган адам качты кайда? кайда из жашырган?
Аны дагы иликтеп уйуно жетип келдик.
Алдыда бараткам, алгырдай айбат берип.
Эненин мундуу ыйы, мени жан досторду.
Тып эле токтотту, алдыга жол болбоду.
Досторумду чыккыла деп, мен озум уйдо калдым.
Эшике дагы жакындап, эненин ыйын тыншадым.
Эне:
-Карышкырдай уулутуп , неге мени ыйлаттын.
Мен ыйласам мейли эле, башканы не сыздаттын.
Ал байкущта эмне куноо? Неге ичтин аракты.
Акырын журсон не болмок? Акылын жайындабы?
Канатын кайрып апакен, алдында ыйлап турат.
Тушуном сени балам, журогун сыздап барат.
Эмнеге качып келдин? Жардамын кылбайт белен?
Эми мен кантип жашайм, абака кирип кетсен.
Бироонун унаасын неге сен айдап алдын?
Бироонун ачкычын неге колго аласын?
Досторун кана эми ,кеттиби баары ташап.
Кошулба дегем аларга, канча ирээт козум жаштап.
Болоор иш болду балам, жур эми баралачы.
Откон иш тузолбойтда, жур аны табалычы.
Бейтапканада жатса керек, журчу улуум.
Куноону моюнга алып, жазабыз тарталычы.
- - - - - - - - - - -- - - - - - - - - -- - - - - -- - - - - - -- - - -
Мен аларды тынщап туруп ,акырын козумо жаш келе баштаган эле. Бирок козумдогу жашты булкандай атырып жиберген бир эле соз болчу. Баласы мен барбайм, корком, куноону мойнума албайм деп жатты. Ошондо энекеси ыйлап:
-балам болгону сен жанымда бол, унааны мен айдаган болом, куноону мен мойнума алам уктунбу?
Эне кандай гана мээримдуу ,кандай гана боорукер зат. Баласы учун эмнелерди гана жасабайт.
Ичкериде баласы ыйлап жатса, сыртта мен ыйлап акырын уйдон чыгып кеттим. Досторума ун-созсуз келип «кеттик» деп акырын айттым. Алар эмне болгонун сурашбасада мени тушунуп турушту окшойт. Бейтапканага барып досторумду узатып, ичкери кирсем, ата-энем, иним, карындашым жана куйоосу болуп эми эле келишкен экен. Мен дароо аларга жетип баарын тушундурдум. Булар кайдан билди десем догдур чалып айттырган экен. Туугандарым баарын билген сон карындашым ачуусу менен байкем куткарган кызды шапалактап чаап, чачынан жулуп тарткылап жиберди. Баары аны жаман коруп жатышкан эле. Андан отуп апам,карындашым ыйлап турду. Тиги кызды колунан жетелей басып эшике чыгып кеттим. Колунан катуу кармасамда ал жазасын алган жандай, ун катпай ээрчип келатты. Унаага отургузуп, озумду отурдум.
-болду кылчы! Токтотчу ыйынды!
-кечиргиле мени,мунун баары мени деп, мен куноолумун.
-токтотчу! Ким сенде куноо сенде эмес деп жатат? я? Куноо сенде экенин айтпасанда белгилуу чон кыз.
-мен эмне кылам эми?
-атын ким?
-Сафина.
-кайдан болосун? Ата-энен ким, бир тууганын ким? Деги дарыга кеткен каражатты толой аласынарбы эми?
-толойм мен баарын толойм. Омур бою иштеп болсода толойм. Кулунар болоюн.
-эмне? кул? Эмне ата-эненер жок беле?
-мм…
-не ал мм?
-жок…
Ал жашын аарчып, илебин тарткылап жер карап отурду.
-эмне болду эле аларга?
-билбейм…
-айт азыр жанынды сууруп алам.
Ал мага тике карап:
-сууруп ал! Сууруп ал. Адамдар жашоого умтулса, мен олумго умтулган жанмын. Ажалым сенин колунда экен, кана ал жанымды. Бычак же тапанчан барбы сайып же атып сал. Олтур! Олтур! Ал жанымды. Жигитсинби ? айткан созундо турбайсынбы!? Сууруп ал жанымды!
Мен ага боорум ачып карап турдум. Ангыча бейтапканын алдына болочок кудалар келишти. Башкача айтканда байкем бир кызды жактырып, ага куда тушуп барган элек. Тойго болгону бир жума калган болчу.
Болочок женем биринчи болуп кирип кетти. Мен Сафинанын оозун колум менен жаап :
-чуш… акырынчы суранам. Сен отуруптур ээ мен бейтапканага кирип быяак алып чыгайын.
-эмне? ал корко тушту.
Мен жылмайып:
-жан ширинда ээ? Корко туштунго отуруптур. Мен болочок женеме жолугуп келейинчи деп унаадан тушуп кетип калдым.
Бейтапканага кирсем болочок женем ызы-чуу салып милицияларга чалып урган адамды тезирек тапсын деп суйлоп жатыптыр.
Мен жетип барсам эле мага карап:
-бала! Ким экенин ошол кыз? Кайсы жинди? Менин омурлук жарым болчу адамды азапка салган ким экен ал?
-жене …
-бала мага таап бериниз аны кана!?
-ал ээсин жоготуп азыр оор абалда.
-эмне? оор абалда? беттер болсун! Беттер болсун! Олсун ал!
-жене озунузду карманыз.
-кантип а? кантип? Байкеси учун сиз куйбосонуз мен куйом уктунузбу!
Бул создор соогумо жетип кеткен эле. Дароо анын колунан кармап озумо жакын тартып:
-эсинизде болсун, сиз али бизге келин боло элексиз. Азыртан мага ушинтип бакырсаныз, эртен олтургондон тайбайс.
Шак эткен шапалак болочок женемдин колун койберишиме себепчи болду. Апам мени шапалактап бир чаап:
-жогол! Байкен учун куйгонундо азыркыга чейин кылмышкерлер колго тушт эле.
-апа мен…
-суйлобо! Жаап оозунду, кылмышкерди тапмай сайын бул жака кадам таштаба.
Апам ушунчалык кыжырданы суйлоду . Атама карасам козун ирмеп айтканын кыл дегенсиди. Сыртка чыгып кеттим. Чыгып баратсам операция кылган догдур жана эки уч медайым артынан чуркап келатты. Мен дароо догдурду токтотуп:
-байке эмне болду? байкем аманбы деги?
-байкен баш жагынан оор жаракат алган. Операция оор болууда. Байкендин буту баспай калышы мумкун жигит.
Ал созун айтып кайра ылдый чуркап кетишти. Акырын тушуп баратсам бирдемкелерди которуп алып кайра чыгып кетишти.
Келип унаага отурдум. Сафина отураарым менен суроолорду жадырып кирди.
-эмне болуптур? Ал аманбы? Догдурлар эмне дейт?
-тынч.
-сураныч айтып коюнузчу журогум оорукчан боло баштады!
-чуш…
-аа.
-тынч дейм амей?
Ал ун катпай карап отуруп калды.
-байкем жакшы эле окшойт, Кудайдан амандыгын тилеп отурабыз.
-догдурларчы алар эмне дейт?
-алардын айтышы боюнча байкем эми басбайт экен.
Анын коздору тоголок-тоголок болуп чон-чон ачыла тущуп нес болуп туруп калдыда,коп отпой козунон мелт-мелт жашы агып, бармагын тиштегилеп ыйлап баштады.
Мен эмне кылмак элем. Унаамды жургузуп озумда билбеген жака айдап бараттым. Копко кочо кезип журуп балдарга чалдым. Алардын айтымында байкемди сузуп кеткен бала милиияга кармалып куноону оз мойнуна алыптыр. Азыр сурак журуп жатат апасы сыртта боздоп ыйлап кутуп отурганын айтышты.
Досторум менен суйлошуп бутсом Сафина унааны токтотушумду айтты. Токтотсом эле чуркап кетип калды. Унааны кулучтоп коюп артынан ээрчий жоносом ал туз эле кичинекей намаз окуучу жайга кирип кетти. Терезеден карасам мойнуна орогучун башына ороп, намазга турду. Сыртта копко кутуп туруп кайра терезеден карасам ыйлап-ыйлап дуба кылып отуруптур. Чыдабай кетип унаага барып отурдум. Ангыча ал жайдан гана басып келип унаага отурду.
-эмне куптан окуудунбу?
-ооба ….
-кабыл болсун.
-рахмат.
Бир аазга ун соз-суз отурдук. Анан ал кыз соз баштады.
-тагдыр экен, андан качып кутулбайсын.
Тагдыр менен, талашасын тартышасын.
Тагдыр деген, суйлогондо адам затка.
Адам деген, билдим эми ун катпасын.
Бугун менин туулулган кунум эле.
Туулган кундо азапка батам неге?
Бул апапак ак койногум апакемден.
Белек болуп жашымдан калган эле.
Балдардын бакчасында чонойгонмун.
Эне-атаны мээримине тойбогонмун.
Атакем келээр эле айда – жылда.
Билээр элем ал башкага башкошконун.
Ата-энем урушуп журуп кунуго эле.
Ошол уруш чок салып сезимдерге.
Ал экоо эки жолго тушуп калган.
Апакемди ошол бойдон корбой калгам.
Таштанды кыз кимге дагы керек эле.
Олумун тилеп калган бир жан эле.
Ал озу жонундо айтып жатып ыйлап жиберди.Мен ага карап:
-тушунуктуу… А бул койнок сага аябай жарашыптыр.
-ооба апамдын кийип жургон койногу экен.Бакчада жургонумдо муну мага атам алып келип берген.
-ал эмнеге таштап салды?
-биринчи аялынын уйуно алып барган,кийин бакчага.
-тушунуктуу атан кайда азыр?
-аркы дуйнодо…
-кечир сурап алыптырмын.
-эчтеке эмес конуп калганмын.
-Сафина сен уйуно бара бер,калганын мен озум бутуром.
-жоок мен барышым керек.
-Жок! Алар сени жок кылып салышат.
-менин корко турган жерим жок ,уйум дагы.
-уй?
Мен аны мейманкага алып барып ушул жакта мен келгенче жашап турушун отундум. Болбой жатып акыры макул болду. Бейтапканага барсам байкем коун ачкан экен. Баары жолугуп чыгышыптыр.Болочок женем мундуу гана отурат. Жанына отуруп:
-жене мени кечирип коюнзчу.
-жене дебе мени.
-жоок э кечирип коюнуз,мен болгону ачууланып…
-жене дебе мени!
Ал мага бакырып жибергенде ордумдан так турдум. Анын апасы кудагыйыбыз мага жакын келип:
-ооба акылдуу жигит, кызым али силерге келин боло элек. Эми озунордон коруло, келин болбойт силерге.
-тушунбодум ?
Апам:
-эмнесин тушунбойсун балам,байкенди баспай калды дешкенде тойду токтотушту.
-я? Эмне ? ушул кантип болсун куда – кудагый? Бул эмне шумдук.
Атам:
-балам биз баарын чечишип койдук, сен аралашба.
-жжж..жжок. Жене сиз акыры байкемди суйоосузго. Алда сизди суйот, суйууноор учун курошкулода.
Болочок женекем ордунан так туруп:
-эмне жене бол деп жалдырап турасынбы?
Карындашым чыдабай кеттиби алда ортого тушуп:
-сиздей женеден кудай сактасын. Мына коросуз байкемдин буттары басат, кадам таштай, ыймандуу татынакай кызга уйлонот. Ошондо сиздин шорлуу буттарыныз бул байкеме карай кадам таштай албасын билип коюунуз.
Ал бул создорду которо албадыбы козу чыгып кетчуудой болуп тигиле карап:
-шуркуя! Сен кимсин!?
Карындашымды уруп жиберейин деди эле колунан кармап калдым. Ата-энеси дароо аны кармап тынчтандырып чыгып кетууго камынышты. Жон кетпей суйлонуп бакырынды.
-силердин ошол чолок байкенер менен жаша дегени турасынарбы? Ошондой тагдырды озунорго каалайсынарбы?я! жоок силер акылдуусунарда.
Апасы:
-туура кызым! Эсинерде болсун силерге бере турган кызымдагы итим дагы жок.
Мен:
-итинизди алсак алышыбыз мумкун бирок кызынызды эмес.
Апам:
-балам! токтот!
Тиги кыз ого бетер жинденип:
-ылайым куруп калгыла!сенин чолок байкене ,ошол туру суукка ким тиет дейсин? Анындын кимге кереги бар.
«мага кереги бар!» бул ун тээ алыстан жанырып чыкты. Журогум башкачо дукулдоп баарыбыз ал жака карадык. Ыйлай берип кызарган коздору менен курч карап Сафина келе жатты. Болочок жене боло турган кыз кыйын болуп астынан тосо калды эле апасына каратып бир туртуп отуп кетти. Ал туз эле байкемдин болмосуно жака кирди. Баарыбыз тынчып калдык. Куда-кудагый боло турган адамдарда ун катпай шашкалактап чыгып кетишти. Мен дароо Сфинанын артынан кирип эшикти жаптым. Байкемдин буттарын кучактап алып,башын коюп ый-аралаш байкемден кечирим сурап жатты. Мен бир аазга карап туруп кайра сыртка чыктым. Апамдарга баарын тушундуруп коюп милициялар чакыртканын аларга бардым. Сузуп кеткен баланын апасы мени эле кутуп турганбы алдымдан чыга калып «кечиргеличи» деп жашы тынбайт. Эненин коз жашын коргондо:
-эжеке ыйлабаныз баары жакшы болот.
-айланайын балам унааны мен айдап чыккам,куноонун баары менде. Милицияларга кирип айткын, мени камашсын баламды эмес.
-макул эже ошондой кылам кутуп турунуз деп кирип кеттим. Милицияларга жолугуп, бала мененда суйлоштум. Ал да кудум мен сыяктуу тентек оскон жигит экен. Мен аны толугу менен тушунуп турдум. Экобуздун айырмабыз анын атасы жок,жалгыз уул болсо,менин ата-энем бир тууганым бар.
Бакемдин бир созу бар эле. « Эгерде кимдир бироо капалаткан болсо аны «Аллах» учун кечир»
Мен арызымды кайтып алдым. Баланы абака жаткырбай озумо дос кылдым. Мунун баары Кудай учун, байкемдин ден-соолугу учун.
Сыртка чыксак анын апасы улам-улам тырмагын тиштигилеп, ойдо-ылдый болуп термелип санаага батып отуруптур. Бизди коруп эле алдымда келаткан баласын жузуно карабай эле кучактап:
-суранам баламды абактан куткар. Сенден башка сураанарым калбады суранам сенден. Малайын болоюн балам, кулун болоюн сенин.
-апа,бул мен баланыз деп эненин баласы коз жашын колдотуп ага кайрылды. Эне байкуш акырын башын которуп озунун уулун кучактап турганын корду да ого бетер кучактап ыйлап жатты. Баласыда артта туруп менда ыйладым. Мурдумду тартып –тартып коюп козумдогу жашты аарчып коём. Аларды унаама салып алып бейтапканага апамдар жака алып бардым. Сафина мынчалык адамга тез жакын болуп кетбесе. Апам ага башын жолоп отурат. Сафина аны кучактап алган . Карындашым уйуно кетиптир. Байкемди сузуп кеткен жигиттин ысымы Талгат. Талгат атама барып жер карап:
-сиздин баланызды сузуп кеткен мен болом. Мени кечирип коюнузчу. Баланыз мени абактан алып чыгып бул жака алып келди. Чечимди сиз чыгарат экенсиз,эмне кылсаныз мен баарына даярмы. Кааласыныз бутумду кестирип баланыздын буту менен алмаштырыныз. Мен баарына даярмын.
Атам ун катпай басып кетти. Апам менен Сафина ойлуу отуруп биздин келгенибизди сезген деле жок.
Мен:
-Сафина, биз келдик. Апам экоо бизге карады. Талгаттын апасы апамдын алдына жетип бутуна жыгыла тушуп:
-менин уулумуду кечирип койгулачы, кечириниз эже деп ыйлап кирди. Апамда ак конул жан дароо козу жаштап аны которуп кучагына кысып
-кудайдын жазганы, сиз антип кайгырбаныз. Башка тушконду коробузда, Алла кечирип жаткан биз пенеделер кечирбей жинди болуптурбузбу? Андан коро бир бата кылып баламдын айыгып кетишин сураныныз.
Алар бири-бирин кучактап ыйлап жатышты. Атам арт жактан басып келип Талгатка карап:
-жигит атын ким?
-Талгат.
-Талгат, мен сени жазаладым. Сен оз апанды бироонун астына чоголотуп койгонун бул баарынанда оор жаза. Эми мындай кылбай жур. Апанды алып кетебер, тирилигинерди кыла бергиле.
-мен куноолумун…
-куноонду жоюш учун апанды козу барда сыйла .
Талгат апасын алып мундуу чыгып кетти. Апасы улам-улам кечирим сурап сыртка чыгып кетишти. Баарында танкалдырганы Сафина Талгаттын апасын тааныгандай кадала карап, ыйлабасада козун албай тура берди. Мен сыртка чыгып Талгаттарды уйуно жеткирип коймокчуу болдум. Аларды уйуно таштап кош айтышып кайтып келдим. Талгаттын апасы бош убактында келип кет деп кайра-кайра айтканын макулдугумду бердим.
Ошентип арадан бир ай отту. Байкем уйдо терезенин жанында коп отурчу болду. Сафина аны караганча биздин уйдо жашап калган. Апам университетте мугалим. Атам жеке ишкер. Чет элдик хаккерлерден биз тарапка уурулук тушконунон биз банк иштеринен бошобой калдык. Уурдалып кеткен акчаны ээсине жеткирбей кайра кайтарып алганга жетиштик. Болбосо баарыбыз жумуштан айдалмакбыз. Кээбир досторум милициядада иштешет. Алар кайсыл жерде эмне болгонун спутик аркылуу байкап турушат.
Элдердин ар кандай ушактары атамды комуп туштубу бугун мага телефон чалып тез арада той кана табышымды, Сафина менен байкемди башкоштура турганын айтты. Айла жок макул болдум. Байкем эчнерсеге кызыкбай калган, жашоодон конулу сууз. Коншу-колондорду чакырып той откордук. Шылдындагандар шылдап кулупда алышты. Кээбир адамдар кече гана ат минип жургон жигит ,бугун эшек минип калды деп айткандарында уктум . Эх айла жок. Байкем намаз окуйт болчу,намазда окууганга алы жоктой. Баарынан суйундургону Сафина тойдун корку болуп уялынкы гана,нурдуу жузу менен жылмайып отурду. Анын келин койногу аны периште кылып корсотуп жатты. Аларга суктанбай коё албайсын. Атам эмнеге тойго шашып калды десе бизге келин болбой калган кыз башкага турмушка узаган экен.
Той болуп жатканда Талгат эсиме тушуп аларда ак тойго кубоо болсун деп унаамды айдап алып алардын уйуно бардым. Талгаттын апасы тамак кылып жаткан экен. Талгат уйдо жок. Апасы менен жылуу-жумшак учурашып,дасторконго отуруп мен баарын айтып бердим.
-бугун байкемдин тою . Буту баспасада жанакы мээримдуу, татынакай Сафина деген кызга уйлонуп жатат.
-ким? Ал чочуй тушуп суроо узатты.
-Сафина деген кыз байкем аны сактайм деп унаабалээкетке учураган.
-Сафина?
-эже мынча тан калдыныз? Анын козуно жаш тегеректеп:
-менин кызымдын атыда Сафина болчу. Атасы экообуз коп урушуп,жылдызыбыз келишбей акыры эки жолго туштук. Атасы кызын алып, мен курсактагы баланы алып ажырашып кеттик. Бул ошол жолдошумд уйу .Жолдошум башка аял менен башкошуп кеткен эле. Кызымды коройун десем такыр корсотбоду. Кийин аны коро албастыгымды билип озумдун ошондогу апам тигип берген апапак койногумду кызым Сафинага беруусун отунгом. Балким чонойгондо кийип журсо жолдон коруп таанып калаар бекем деп ойлогом. Бирок андай болгон жок. Койнок башкага окшошуп калбасын деп он чонтогун айрып алгам. Азыр мен аны корсотом. Эже шкафты ачып кутуадан чонтокчону алып чыктыда мага сунду. Ал ангыча Талгат келип калды. Аны менен да учурашып тойго чакырдым. Баягы чонтокчого карап «Сафина бугун сен учун бактылуу кун» деп ичимден кайталап жаттым. Талгат апасы экоо кийинип чыгышкан сон той канага жонодук. Аларды орундука жайланыштырып ата-энеме жолуктуруп коюп уйго бардым. Сафинанын баягы апапак койногун таап он жак чонтогуп карасам чын эле жок экен. Суйунгонумдон анын койногун кайра-кайра жыттап, койнокту алып дароо тойго бардым. Койнок баштыкчада колумда. Сафинанын жанына бардымда:
-жанакы апапак койногунуздун неге он жак чонтогу жок?
-а эмнеге?
-эми билгим келди.
-азырбы?
-ооба азыр анан качан?
-атамдын айтышынча апам ал чонтокту айрып алган экен. Кийин мени ошол койноктон табыш учун. Ар туулган кунум сайын ал койнокту кийип кочого чыгам. Быйылкы туулган кунумдода ошентип журсом байкенизге тагдыр жолуктуруп койду ошол.
-жене журсонуз бирдеке айтам.
-бул жерден кетсем болбойтда.
-журсонуз дейм де паны орундуганан тургузуп, кийинуучу жерге алып келдим. Апамдар артымдан жетип келишти.
Апам:
-балам эмне болуп кетти?
-апа баары жайында болгону бир сюрприз бар куто тургула.
-тынчылыкбы иши кылып балам?
-ооба азыр барып турсанар.
Апамдарды жонотуп жибердимда женем Сафинага кайрылып:
-жене мен ошол апапак койногузду алып келдим.
-эмнеге? Эмне болуп жатат озу?
-мени сыйлайызбы?
-ооба…
-ушул созунуз чын болсо тез ушул койнокту кийип чыгынчы.
-келин койнокчу?
-ээ болун-болун деп сыртка чыгып кеттим.
Уландысы:
(Достор биз чыгармаларды эми ютубкада чыгара баштадык. Ал учун ютубдан Ак Булут деп издегиле. Инстаграмдан @ak.bulut.akyn)))
Коп отпой кийинип чыккан сон колунан жетелеп той канага алып кирдим. Талгат апасы Сафинаны тааныгандай кадала карап жатты. Женем менен ортого чыгып тамададан ун таякчаны алдымда:
-урматту коноктор! Бир мунотко конул буруп коюнуздар.
Баары тынчып бизге карап калышты. Кызыктын баары алдыда эле.
-бугун байкем менен женемдин гана тою эмес. Балким дагыда башкачараак бактылуу кун. Бактылуу коз ирмем. Бул кыз менин женем.Эмнеге койногун алаштырып алды десенер мен себебин айтып берейин.
Мындан бир канча жыл мурун бир уй-булоо уруштун айынан ажырашып, ата-эне эки жолго сапар алышкан. Атасы кызын, апасы баласын болуп алышкан.Эне байкуш кызын коро албай журуп, акыры озунун апасы тигип берген апапак койнокту кызына беруусун отунгон. Балким кыз чонойгондо кызды ушул койноктон таап-таанып алам деген ой жана ниет болгон. Койнок башкаларга окшошуп калбасы учун акылдуу эне койноктун он чонтогун айрып алган. Чонтогунон айрылган койнок мына женем кийип турган ак койнок. Ал ошол он чонток мына бул менин колумда. Эгерде койноко чак келсе мен бир сооп ишке жарадым деп суйуно берсем болот .
Сафина козуно жаш толуп ыйлайын-ыйлайын деп турат. Талгаттын апасы ордунан туруп кадала карап турду. Чонтокту он жака изи аркылуу койсом дал озу, дал ошол чонток. Энесин жоготкон чонток мына энесин кайра таап алды . Сафина сабыры чыдабай:
-чак келди апам када? Чак келдиго ? мага айтынызчы апам кайда?
Апасы кызын эчаак таанып алган эле. Жан –талашып козунон жашын колдотуп столдорду аралап келе жаткан болчу. Сафина апасын коруп ордунда тура албай апалап чуркап жоноду. Талгат да эжесин таап озунчо бактылуу болуп журот. Койнок чонтогун таап, эне кызын таап коз жашын тыйбай турушту .Апамдарда ыйлап алышыптыр. Элдер ордунан тура калып кол чаап жатышты. Атам ун таякчаны алып,элди тынчтандырып созун айтты.
-рахмат тынчтанып алсаныздар . Сафина кызым апанды тапканын кандай бакыт. Кызым, бизди кечир, биз салтты сыйлабай койгонубуз учун кечир. Кеч болсода эми айтып коёлу. Эми кудагый сиздин уйдо бир гул бар экен, биздин уйдо бир булбул бар. Эгер макул болсонуз ошол гулду булбулубузга алып берсек .
Байкуш эне суйунгонунон жарылып кетчуудой болуп суйлой албай, кубанып турду.
Атам созун улап:
-айтмакчы кудагый, кулдугубуз бар. Баарыбыз каткырып жибердик. Той-тойго уланып шанга болонду.
Бугун жумуштан келсем байкем менен женем уйдо жок. Апамдардан сурасам женем байкемди майып арабасына отургузуп кочого алып чыгып кетиптир. Уйдо бекер отурбай деп алардын артынан издеп жонодум.Уйдон алысыраак жерде бакча бар эле. Ошол жерге барышыптыр. Байкем арабасында эмес эле. Женем аны таяп бастырып журуптур. Бирок канткен менен пайда жок, байкемдин буттары иштебей жатты.
Кудайдан байкемдин басып кетишин суранып уйго кеттим. Кийин иштер менен журуп уйго эки жума келе албадым. Уйго келсем женем алдымдан чыга калды. Ал ушунчалык бактылуу,козундо бактылуулуктун жаштары тегеренип жаткан болчу.
-ээ жене неболду кабанычтасызго?
-бугун…
-эмне бугун?
-азыр…
-ой толук айтынызчы.
Ал козунон аккан коз жашын аарчып мага ушунчалык кубануу менен карадыда:
-ал мени суйом деп айтты.
-ким?
-ба… байкени деп бак жака карап кетип калды. Эшикти ачсам байкем мага карап:
-ээ иним ээ, женен ошол жакта журобу?
-ооба бакка чыгып кеттиго.
-ээ коптон бери айта албай журуп бугун суйоорумду айтсам кылыктанып чыгып кеттида. Зорго ушул жерге чейин таяп басып келди эле. Эми кара орто жолдо таштап чыгып кетти. Жыгылып тушсом не болот?
Илебимди тарткылап,танкалып турдумда улам-улам байкемдин буттарына карап:
-байке озунуз эле турасызго эчнерсеге таянбай.
Байкемда бутуна тан калып карап терээн-терээн дем ала баштады. Анын жузуно жылмаю пайда болуп акырын алдыга бутун шилтеди. Буту жылып экинчи бутун шилтеди. Мен кубанганымдан сыртка атып чыгып бакка карай чуркадым. Анткени аны кунуго басууга аракет жасаткан женемди куттуктап,суйунчулогум келген. Бакка бурула бергенимде женем алдыман чыгып калды. Ангыча уй жактан байкемдин «Сафина мен сени суйом!» деп бакырып жатты. Женем уялып жер карап турат.
Арадан бир жыл отту.
Байкем менен дукондобуз:
-ээ иним ээ кайсынысы жакшы десен эми?
-байке болушунча чонурагын ала берели эле.
-бол тандаша калчы ага жагабы десен?
-байке мына гул апапак кызыл аралашкан гул соонун экен.
-ал ушуну,тиги тээтиги мамалакты да алгын.
Мамалак, гул алып, унаага келип отурсак журбой койгонун жолду кесип чуркоого туура келди. Бир уйдун алдынан отуп баратсак кыйкырык чыгып бир байке аялын дарбазадан сыртка туртуп чыгып «жогол!» деп бакырып жатты. Аялы да жон калышбай аны турткулоп аймалап жиберди эле куйоосу шапалактап бир чап отургузуп койду. Аялын урган эркеке жиним келип байкеме гул мамалакты кармата калып тиги аялдын куйоосун дарбазага жакалай кармап такадым. Аялы дароо ордунан туруп «койбер куйоомо тийбе!» деп колумдан тарткылап кирди. Экообуз тен бири-бирибиздин жузубузду коруп тып басылдык. Куйоосу ун катпайт. Мен аны койберип байкемдин жанына келдим. Ал ошол байкеме жар болом деп, буту басбайт дегенде таштап кеткен аял эле. Ал байкемдин басып жургонун коруп турган жеринде катып калды. Байкем ага бир карап кайра кайрылып караган жок.
Мына торот уйунун алдынада жетип келдик.
Байкем кубанычтан:
-Сафина! Сафина ким?
-жене! Э женооу! Ким?
-уул деп женем кубанычта карап турду. Байкем экообуз бирибизден-бирибиз отуп кубанып,кучакташып, кара жорго бийлеп кирдик. Женем назик кулуп турду.
---------
Ыймандуу кыз ардайым, ар бакыттын жолунда.
Ыймандууга ыймандуу, жазылганда тагдырда.
Сабыр керек ар иште, сабыр тубу сары алтын.
Чыдап койсон сыноого, ошол да сенин бакытын.
Рахмат жене айтаарым, сизден абдан ыраазымын.
Байкем менен бар болун,убайын коруп балдардын.
Силердей жарлар коп болсун, дуйного батпай жык толсун.
Сиздей ыймандуу кызды, кудайым мага да буйрусун.
- - - - -- - - - -- - - -- - - - -- - - - - -- - - - -- - - - - -- - - -- - -
Ак Булуттун чыгармасы мына ушинтип аяктады.
Ак Булуттан окурманы, муну окуп ыйладыбы?
Озуно кандай таасир алды, же эменеси жакпады?
Пикир калтыр окурманым, бирге окуп жыргайлы.
------------------------------------- - - -- - - - -- ---
Аягы… Ойдон алынган чыгарма...
18:10…. 21.08.2017
Комментарии 3 696
Онорун оркундой берсин