Кечинде озубуздун бакка кирип отуруп баштан откон кеткендерди жазып отурдум. Бул чыгарманын темасын аягында толуктоону чечтим . . .
----------------------------------------------------------------------
Ош Мамлекеттик Университетинде экинчи курсту аяктап Бишкеке жездемдин соодасына жардамдашканы жана озумдун окуумдун контрак акчасын тапканы Бишкеке сапар алдым. Майдын аяктарында эле окуумду бут бутуртуп салгам. Мен былтыркы жылыда жездем менен иштеп базарды жакшы эле тушунуп,сооданын майын сызгырып калгам десем болот ю Бишкеке да келип дем албастан эрте менен жездем менен дордой базарга бардым. Биз кийим кечек жана оюнчуктар сатчуубуз. Эмне жаны оюнчук чыкса бизде. Кунуно жок эле дегенде алты-жети мин таап коёбуз. Бирок ал акчаларга кайрадан товар сатып алуу керек. Дордойдон тамактанабыз. Кундордун бир кунундо айылдан тайкем чалып Жалал-Абадда курулуш ишине кел айлык акы 25мин сом дегенинен кызыгып калдым. Жездеме айтсам ушул айынды буутуруп кет.Азыр кетсен же нары эмес же бери эмес болуп калат дегенинен тайкем менен кайра суйлошуп июньдун аягында бара турган болдум. Кетеримде жездем жол киремди толоп андан тышкары 10 000мин акча берди. Алда ыраазыЮменда ыраазы болуп Жалал-Абадка сапар алдым. Жалал-Абадда Тугол деген бай заманбап жаны турдо уй салдырыпр жаткан экен. Негизи ал буга чейин кытайга товар ташып иштеп коп деле пайда корбой жакыр жашаган адам экенин айтышат. Ушул жылы иши онунап чыгып товарын кенейтип ,Кытайга да озху барбай колунда иштегендерди жонотуп бизнесмен атыгыптыр. Кантседа Кудай деген адамго деп ойлоп койдум. Мандай тери менен акча таап байыган кандай жакшы. Ошентип тайкем тосуп алып женем датсоркон жайып Бишкектен ала келген белектеримди аларга берип,жегиликтерди чогуу жеп ,амандашып дегендей андан сон татту уйкуга кеттик. Тайкемдин эки кичинекей уулдары бар. Экоо тен шок чыккан. Тайкем озу жоош болчу эле тайкем балдарым жененди тарткан деп кулуп коёт. Танда атып тайкем экообуз жумушка бардык. Тугол деген бай курсак салып алган киши экен. Биз менен жылуу учурашып менида тизмегине каттап жумушка алды. Мына ушинтип жумушубуз башталды. Жакыр уй-булоодо чонойгондуктан курулуш иштерине жаштайымдан аралашып ишке бышгам. Озумдун тупку тегим Нарындан болобуз. Кийин Ошко кочуп келип жашап калганбыз. Мен уйдо эн чонумун уч карындаш бир иним бар. Тугол байкенин уйундо жумуш башталып ал жердеги усталар менен жакындан таанышып бир кундо эле жакшы болуп кеттим. Самара Каримова деген ырчынын ырын флешкага жаздыртып алып кунуго калонкадан угушат экен. Кобунчо эле чон кишилер,уй-булоолулор. Алардын эн эле кенжеси мен. Колунан мыгы тушуп кетседеле мени жумшай беришет. Тугол байкенин аялы базарда ар кандай жегиликтерди,жер-жемиштерди тамак-ашка керектелуучу азыктарды сатып иштейт экен. Алардын бир эле баласы барбы билбейм тамакты озу жасайбы же башкабы кунуго тушто кечинде ошол тамак алып чыгып берет. Оздору эски тамда жашашат. Жумуш буткон сон тайкем экообуз анын уйуно барабыз. Биринчи барып жургондо женем жакшы эле кабылдап жатты эле кийинчерээк онорун корсото баштады. Алар менен чогуу тамактанбайм башка болмого,жок болмого болсода мейли эшикте жаман столуна коюп берет. Барган сайын койбойда кээде тамак жетпей калчуу болду. Мунусу учун женемди куноолугум келбеди анын баарына тайкем куноолу . Эркек болуп аялын башкарбайбы? кой-ай! деп айтпайбы? эртен эле балдарынан кайтат,бизден кайтпаса кудайдан кайтат. Тайкемди жакшы билем аялды башынан кармаган эмес. Суйдум-куйдум деп эле башына чыгарып алган. Мага койсо соз менен эле согуно жеткире айтып тарбиялап коймокмун деп журсом эле тайкем жыртандап келип :
- Чоро уком эми озун туура тушуносун,капа болбо ушундай болуп калды. Эми сени деп уй-булоомдон ажырагым жокда туурабы?
-эмне болду тайке?
-Чоро мени туура тушун. Ошол жездендин жанына кетсен жакшы болобу эле деймда.
-амей сиз озунунуз чакырбадыныз беле?
- ооба озум чакыргам билесинго жениндин пейилин.
-а болду,болду тушундум. мен бугунчо жатып турайын эртен жумушка барып иштеген акчамды алып анан жолго чыгайын.
-акчанды берээр бекен? болбосо биздин уйдо жашаганына деле калтырып кетсен болот дечи. Эми жедин-ичтин ошону акташын керек дегендей.
-тайке! мен ага каардуу карап, бул эмне дегениниз?
-жоок сен туура эмес тушунуп калдын. Ал жалтана баштады. Мен сыр бербей анын колун кыса карап жылмайып:
-акча сиздерден айлансын тайкебайым. Женем экоон бактылуу болсон мен бактылууго болгону жол кирээге эле , а мейли жездем озу толоп алса керек.
-аа ооба озу толоп алат,озу.
-мен анда сумкаларымды алып чыгайын ээ тайке.
Ангыча женем чыгып:
-мен бут даярдап койдум алып кетеберсениз болот. Ак жол сизге.
--------------------------------------------------------------
Жолдо мундуу басып баратам ,сумкам далымда. Тайке дегенда ушундай болобу? деп озумчо жинденип коём. Майлуу-сутту жумушумду таштап келдим эле аа акмак десе. Тукурдум тайке деген атына деп аялдамага эми эле чыксам бизди иштеткен Тугол унаасы менен келип токтоп,терезесин тушуруп:
-атын ким эле сенин?
-атым Чоро.
-Чорго?
-жок Чоро.
-Чорго? хахахха.
-Чоро дейм байке? ачууланып кеттим.
-тамаша ,тамаша иним озу дуйного бир жаралып бири-бирибиздин конулубузду алып ,жардам колун сунбасак жашаганыбыздан не пайда. Эмне маанайын жок ?
мен кайра жоошуй тушуп:
-байке мен кетип жатам.
-апей кайда? жумушун эмне болот?
-мен тайкем менен чогуу иштеп жатпадым беле ,ошого берип коёс.
-ким айтты мени бироонун акысын бироого берет деп?
-эчким.
-эй иним эмне болду озу?
-эчтеке.
-эй жигитсинби? жигитче суйлобойсунбу? эркек болуп жаралган сон эркектердин шаанисине дак тушурбой эркекче болбойсунбу?
-мм..ммм кечирес байке.
-айт Чоро мен жардам берем.
-байке тайкем менен женемдин уйуно батпай калдым.
Мен созумду айтарым менен ал узаак-узактарды кайгылуу карап,унаасынан тушуп жаныма келип:
-Чоро... Чоро деген атты алган сон ,ага татыктуу болгун. Чоро деп эр азаматтарды,карангыдан жол таап эл-жерин коргогондорду айтат. Минтип журсон жашоондон эмне пайда? отур унаага.
-жок байке эмнеге?
-адамдардын баары жаман эмес,баары бирдей эмес. Убагында менда сага окшоп жургонмун. Сени корсом жаштыгым эске тушот. Далай-кайгылуу кундор башымдан отту. Кудайдан умут узгон жокмун. Алла Таалама жалынып,беш убак намаз окуп,адал иштеп,адал жеп эми озун коруп турасын. Ошол тайкен батырбаган болсо,мына мен батырам. Уй кенен Кудайга шугур. Сен эле эмес башкалары да батат . Мен сени жакшы тушунуп турам. Бирок бир нерсени эчтен чыгарба. Мен сага 25000 мин эмес 30000 мин ээ жок 35000мин берем. 25000минди озун ал,керегине жарат. Калганына ата-энене кийим кечек алып,нават алып козу барда сыйлап ,кадырына жеткин балам. ээх кор тирилик деп журуп биз байыганыбыз менен ата-эне ыраазычылыгына жетпей калганбыз. Мал-мулк булар откунчу нерсе. Ал эми ата-эне бир тууганга эмне жетсин? кайгырба иним баары жакшы болот. Журу биздикине.
Менин аябай ыйлагым келип кеттида:
-рахмат байке .
-а баса бирдемкени эчкимге айтпа. Башкалар сыяктуу эле 25 аласын, бирок кийин берем . Себеби ага коп берип ,мага аз бердин деп башкалардын конулу оорушун каалабайм.
Мына ушинтип жаны салыныцп жаткан тамдын бир болмосуно жай растап берди. Тамдын дубалдары тургузулуп усту шыйпыры калган эле. Озум бир тинекени алып чыгып озумо ылайыктап устун жаап алдым. Тугол байке озу бир тактайчага нан ,аш ,чай кылып алып келип мени менен кошо тамактанды. Мен ага озум жонундо айтып бердим. Ал аябай жакшы киши экен. Мен да ошол кишидей болгум келди. Карачы канча байлыгы болсода мен-менсинбей эл катары.
Эрте менен тайкем кечигип келди.
Мени коргонда ,байкаганда жок. Негедир кылган ишине окунуп жургон сыяктанат. Мен эмне кылайын? оз ишимди кылып тамдын башында журо бердим. Кийин бир байке атыман атап чакырып калганынан тайке ал жок деп жиберсе болобу. Баары каткырып тайкем мени коруп таарынып калды. Мени менен учурашканда жок. Суйлогонда жок. Менда оз ишим менен алек болуп кийин тушку тамак отурдук. Тайкем менен чогуу отуруп ушул жерде жашаарымды, 25мин акча алып ага берээримди айттым. Негедир ун катпайт. Тугол байке кардын тырмап сыртка чыгып:
-Тамагынар таттуу болсун!
-Рахмат!
- ээ Чоро бери кел.
Барсам жылуу карап:
-тайкен недейт?
-эчтеке таарынып калган окшойт.
- эчтеке дебей ишинди кыла бер. Бирдеке десе Тугол болбой алып келди деп айт. Бирок кандай кундода туугандык байланышты узбогун,ардайым урматын жанына кой макулбу?
-макул байке.
Тугол байке уйунун эшигин ачып башын киргизип:
-Айжамал! Айжамал,дагы бир кесе тамак куйчу. Мен оюмда аялын чакырып жатат деп ойлоп:
-Аялыныз базарга чыкпадыбы бугун?
-жок э, кызымды чакырып жатам.
-а?
-эмне болду?
-а эчтеке байке.
Ангыча кашы козу кара,илеби калын келген нур жуздуу,кара-тору кыз тамакты алып чыкты.Атасына сунду эле:
-мага эмес тигиге бер деп койду. Ал козумо бир карап кайра жерге карап тамагын сунду. А менчи? кызыктын баары ушул жерден башталды. Аны караган бойдон цементтей катып калыптырмын. Аянтта турган солдаттарда мынчалык катыбаса керек. Бир колум алдыда,бир колум артта. Бир убак колум ысый тушту. Мен ага деле конул бурбай турсам. Далыма бироо бир чаапса болобу. Корсо ал Тугол байке экен. Мага тигиле карап:
-катыбай албайсынбы?
Аран озумо келип тамакты алдым. Колума тийип колум ысый тушуптур. Тиги кыз тамакты берип кайра кирип кетти. Корсо бул кыз уйунон чыкпай инисинен тамак бердирип жаткан окшойтго. Тамакты которуп кайра ордума бардым,кеседа жарты тамак турат. Тан калып тайкеме карап:
-эмне бул сиздин тамакбы?
-жинди болбочу,туратко меники мынанда. Корсо суйлоп,курч карап койду.
Ан-тан болуп жайыма отуруп жакшылап эстесем тамагымды эми эле жеп жарымына жеткенде Тугол байке чакырып калган эмес беле? Тамакты алып келиши алып келдимго бирок жаак таянган бойдон Тугол байкенин кызын ойлоп отура бериптирмин. Бир корушто суйуп калуу деген ушул окшойтко. Озунчо эле жылмайып кыялдарга батып кеткем. Бир убакта биро колумдан туртот. Башымды чайкап карасам Тугол байкенин баласы:
-аке тамакты ала берейинби?
-а.? .. аа ал ,ал,алабер.
Козумду баттан жумуп-ачып кайра тамдын башына чыгып кеттим. Кунуго бут оюм акча табышта болсо эми,Туголдун кызына отту. Мени менен кунуго тайкем иштоочу. Бугун ал ылдый тушуп ,жер жакта иштеген Кайрат байке ойдо чыкты. Экообуз такталарды,устундарды жайгаштырып мыктап кагып жаттык. Эми эле суйуу колунон сунгуп чыксам ылдый жактан Нурсу байке чакырып калды. Такта алып келели дейт. Макул деп тушуп уй артына отуп керектуу буюмдарды алып жайгаштырып ,чанкап кетип чай иче калайын деп банканы алсам ичи бош экен. Кашайып Тугол байке аны байкай калыптырда. Дароо эле :
-Кызым,Айпери чай апчык деп калса болобу. Кунуго сыртка чыкпаган сулуунун аты Айпери экен. Мен дагы жинди боло баштадым. Айпери жер карап ,акырын сызган шамал чачын учуруп бетин жабат. Ал болсо назик гана колдору менен бетин тоскон чачтарын артка кылып банкага чай которуп келип мага сунду. Мына сага кино. Мына сага.
Бийчи Атай Омурзаковдагы робот бийин бийлеп менчелик катып тура албаса керек. Айтайын дегеним банканы алышы алып,колум сунулган бойдон артынан карап катып калыптырмын. Тугол байке кардын тырмап ,мурдун тартып тээ алыстан:
-ээ Чоро! Чоро дейм!
Офф ойлордун баарын бузду.
-ооу байке!
-хахах эмне болду ,бир геп барбы дейм . Кызым кой антпе . Жаш жигиттин журогун оорутуп коюп «жаш кетпесин!» хахах. Айпери артына бир карап кашын которо жылмайып кирип кетти. Аах мен аны суйуп калдым. Мен аны суйом…. Суйом! Суйом ! Суйом сени Айпери деп бакыргым келет. Тугол байке каткырып жатканда артымды карасам менден бакша усталарда ан-тан болуп Айпери кирип кеткен эшикти карап турушат . Мына кызганышты кара.
- эээ байкелер! Э оозунарды ачпай иштебейсинерби! Же акса керек эмесби?
Баары баштарын ары-бери кылып мени карап аа.а.а дешип балкаларын алып оз жумуштарын кылып калышты. Ошентип кун кечиришин кутуп калдым. Анткени кечинде Айпери сыртка чыкса аны андып сулуу жузуно тоюп,тоюп албасамбы деп мерчемдеп журдум. Кунуго туштон кийин чарчап калчуу элем ,бугун айгырдай кучтуу болуп бут иштерде оной эле кылып жатам. Кунуго аран которгон чон тактайлардын о.о.п деп дароо которуп алам. Ошентип иштеп журсом эле Кайрат байке менен Нурсу байке мык кагып отуруп :
-э Кайрат Туголдун кызы мен жаны келгенде сыртка чыгып-чыгып турчу кийин эле чыкпай калды.
- аа тиги бутун оорутуп алып эми жакшы болгон окшойт.
-канча жашта?
-эмне кыласын,озундун аялын балдарын бар.
Мен Нурсу байкени коштоп:
-эми жашын айтып койсонуз алып алмак беле? Же кызганып жатасызбы? Озум алайын деп хаха.
Экоо тен каткырышты. Кайра созумду улап:
-аракеттенбей эле койгула экооно тен бербейм.
Нурсу:
- и? энендурайын сайрап калгансынбы? Балкасын мага карап бир атты. Мен аны кармап алып кулуп коюп мык кагышга оттум. Ошентип кечинде алар кетти. Тайкем кечке маанайы жок кетти . Ушул кунго келип канча киши иштешибизди санап же сурап койбоптурмун . Алар кетип жатканда санасам баарыбыз биригип сегиз экенбиз. Жаман коптой корунчу эле. Ишенбей кайра-кайра санадым. Би рубак баары токтоп калып Калый байке бакырып:
-Э Чоро! Чоро!
Мен чуркап чыгып алардын жанына барсам кеттикби дешет. Жок мен бул жакта жатып калам деп тушундурдум баарын. Макул деп алар жолун улашты. Тайкем бирда артын карабай кетеберди.
Ошентип озумдун болмом акыркы болмо болчу. Аны биринчиге жылдырып Айперилер корунчу болмого алып келип жатып алдым. Асманда жылдыздар секинден чыгып келатышты. Жылдыздарга карап акырын гана:
-жылдыздар мен ушул кунго чейин балалык суйуулор менен жашаптырмын. Кичине жакшы суйлоп койсо суйом деп журуптурмун. Ээх Айпери ,Айпери. Козумду акырын жумуп уйкуга сапар алайын десем Тугол байке чакырып калды. Мен дароо туруп башымды буто элек терезеден чыгарып карасам:
-йе? Сен ушул жерге кочуп алдынбы?
-ооба тиги ал жак коркунучтуу экен. Аа экинчи кабаттан корксон бирге тушуп ал.
-ээ жоок байке .
-Чоро эртен тамдын башын которот экенсинер ошого кой сойсомбу дедим эле.
-кой союш керекби?
-соё аласынбы?
-соём ,жиликтепда берем. Анда эртен кой жеп анан ишти баштайбыз болобу?
-макул.
-Сен жур биз менен кошо тамактанып ал.
-э жок байке ушул жагынада рахмат, кардым ток.
Тугол байке мага тултуя карап,кайра артын карап:
-э Искак! Искак! Ичкериден Айпери чыгып:
-ата Искак ойноп кеткен бойдон келе элек.
-аа ойноп журобу кеч кирип калдыго.
-ошо баланыздын урушуп койсонуз мынтип журбойт эле.
-ээ мейли балада ойнойт. И айтмакчы Чорого тамак алып чыгып бер.
Айпери мени коргон жок эле. Мен тарапты караганда бекине калам деп бутум тайып кирпичти онору сузбодум. Башым жарылып кете жаздады. Тугол байке кайра-кайра чакырат.Кулуп-жайнап терезеге асылып:
-ой байке?
-каяка кетип калдын э? азыр Айпери тамак берет сага. Женен жокго бугун кечигип жатат мен жол карап келейинчи. Ал сыртка чыгып кетти. Айпери качан келе калат экен деп дубалга жолонуп ,хуу,ху деп коюп отурам. Улам-улам терезеден карап коём жок. Кайра карайм жок. Чыкпай калды окшойт деп терезеден белиме чейин чыгып ылдый тарапты карап жатсам артымдан Айпери тамагын кагып:
-тамагынызды кайсыл жерге коёюн. Менин бут денем калтырай тушуп,муздак дем чыгып акырын артыма карап:
-о.о. же.же.
-сакоосузбу?
-жо.жо..к
Ал кара каштарын бириктирип ,илебин бириктирип:
-мм… тушунуктуу.
Тамак нандарды тактайчасы менен коюп кетип калды. Журогумду кармап ,козумду жумуп терен дем алып эми эле отуруп,шорпого нанды батыра тыгып эми оозума салсам Айпери дубалдын артында турганбы башын дароо чыгарып:
-тамагыныз таттуу болсун!
Нан оозумдан атып кетти. Колум менен оозумду жаап,ысык чайга бутум тийип кичине тогулуп какак болбой калдым. Айпери шынгыр кулуп тушуп кетти. Терезеден карасам уйуно кулгон бойдон кирип кетти. А менчи? Чукур-чукур дем алып оозумду аарчып бир-бир жутунуп отуруп калдым. Тамагыныз таттуу болсун деген созу кайра-кайра кулагыма угулуп ,кубанычым койнума батпай асманга карап ,кайра тошогумо жатка калып жаздыгымды бекем кучактап ,аны тиштеп думчугуп коём.
Эхх суйууу,суйуу.
Эртесида кунубуз кундогудой сонун отту. Баарынанда тайкем да бизге кошулуп кулуп-жайнап калды. Озу кун ыссыкта,курулуш ишинде кулуп-кулуп иштебесен иш бутпойтда. Тамдын башын эртенкиге калтырдык. Себеби толук бутпой туруп которгонда болбойт экен. Эртенкиге даярдап ,барын жайына коюп уйлоруно тарашты. Айперини эки жолу кордум. Бирок чынын айтсам бир да жолу катып же карап туруп калган жокмун . Конуп калыптырмында.
Кечинде иниси Искак тамак алып чыкты. Ошентип уктап жатсам эле кулагыма кыбыр-шыбыр угулат. Уктап калайын десем дагы болбойт. Ордумдан туруп жылдыздарды карап коём. Кун бурколо баштаптыр ала-булут акырындан сурулуп келе жатты. Усунда жапбай койгон элем. Бирок бул кетиште жамгыр жаабаса керек деп коюп кайра жатсам дагы кыбыр-шыбыр угулат. Тактайларды кармап тамдын башына чыгып уйду тегерегин айланта карап баратып журогум токтоп кала жаздады. Басып бараткан жеримде тык токтодум. Конулум сууй тушту. Озумду озум жемелеп уктай бербейсинби деп урушунам. Акырын тактага аслылып ылдый тушуп тошогумо келип мундуу отуруп калдым. Чынында тап-такыр маанайым жок алсыз жанга айландым. Такталарды басып уйдун арт жагына отсом Айпери бир бала менен кол кармашып туруптур.
Комментарии 148