Жээним АСАН ТОКТОРБАЕВге азил.
/ Сени абдан жакшы кором./
КАМАЗ басып кетсе да,
Жалпайбаган Асанчик.
Кайгы басып кетсе да,
Шалпайбаган Асанчик.
Күлгөнү күлгөн дайыма,
Кайгырбаган Асанчик.
Жүргөнү жургөн дайыма,
Тайгылбаган Асанчик.
Япон короз сыяктуу,
Тыпылдаган Асанчик.
Будилник саат сыяктуу,
Чыкылдаган Асанчик.
Окуй берсе түгөнгүс,
Намазы көп Асанчик.
Жаза берсе түгөнгүс,
Казалы көп Асанчик.
Баарын ичке батырган,
Дегеле,
Базары көп Асанчик.
Мурзакарим Жаңыбаев.