Предыдущая публикация
Жашай берем өксүбөстөн үмүт менен,
Күдөр үзбөй бир өзүңдү күтүп келем.
Махабаттын алоосуна күйсөм деле,
Кайыл болуп бул тагдырга түтүп келем.
Өткөн өттү, кеткен кетти кайрылбастан,
Жашайлычы бирге болуп айрылбастан.
Өмүр-өмүр кээде таттуу кээде ачуу,
Тайгак жолдо чыйралалы жаңылбастан.
Мейли эле тагдыр мени сөксө деле,
Жамгыр сымал сыноосун көп төксө деле.
Жашай берем шүгүр кылып Кудайга миң,
Тордоп азап буйдалактап өтсө деле.
А: Нармаматов Ильязбек.
Обону: Жээнбекова Бурулай.

Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Комментарии 16