Мүдөө коюп сүйүүгө кенен-кенен,
Жүрөгүңдү ачыпсың терең-терең.
Мага келип сүйүүсүн берсе го деп,
Мен жүрөмүн жол карап элең-элең.
Кайырма
Мен эңсеген секетим болуптурсуң,
Купулума жан биргем толуптурсуң.
Насип буйруп Кудайым берген кезде,
Жал-жал көзүм сен менин колуктумсуң.
Ашыктыкка мас болуп жүрүп-күлүп,
Балын татып жемишин үзүп-күбүп.
Сыйлашалы түбөлүк жаным менин,
Ырыс кешик бар бакыт сүйүп-күйүп.
Айдай жүзүң келишкен аппак-аппак,
Шекер сөзүң жемиштен так-так, так-так.
Кыт-кыт күлүп койсоң ээй, атаганат,
Сүрдөнүп бир кетемин бат-бат, бат-бат.
Кайырма
Мен эңсеген секетим болуптурсуң,
Купулума жан биргем толуптурсуң.
Насип буйруп Кудайым берген кезде,
Жал-жал көзүм сен менин колуктумсуң.
А: Ильязбек Нармаматов.

Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Комментарии 12