Предыдущая публикация
 ЭНЕ
Бүгүн сизди энекем,
Куттуктаймын ийилип.
Жараткандан тиленем,
Чексиз бакыт ийгилик.
Аруу жашап жүрө бер,
Мээнетиң ак билинип.
Өзүңүзгө арнап мен,
Ыр жазайын берилип.
Асылымсыз түбөлүк,
Кут береке төрүсүз.
Түгөнбөгөн казынам,
Бакытымдын көзүсүз.
Даанышман бир акылман,
Салабаттуу сөзүңүз.
Үйүбүздүн жарыгы,
Периштесиз өзүңүз.
Энелер бар дүйнөнүн,
Бүтүндүгү сакталат.
Жаратканым ар дайым,
Жүрсүн сизди калкалап.
Жароокер бир улук жан,
Мээрим көлү байкалат.
Жалгыз эле боорукер,
" ЭНЕ " аты аталат.
А: Ильязбек Нармаматов.

Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Комментарии 28