Жогорку окуу жайдын ашканасында тамак ичип отурган мугалимдин мандайындагы бош орунга студент келип отурат . Озун ашкере акылдуу сезип студенттерди тенине албаган мугалим жаны эле отурган студентти жактырбай карап ;
- Эй , жигит ! Сен кайсы жерге отуруп алдын ? Чочко менен булбул бирге тамактанбайт , -деди мазактап .Агайын куло караган студент ;
- Жарайт , агай ! Анда мен учтум ,- деп тамактарын которуп башка орунду коздой кетип калат . Создон женилип сына тушкон мугалим студентине ... жини келип ; " Шашпа , балакай ! Сынак мезгили жакын калды . Жыландай сойлотпосом " , - деп ичинен кубуронуп алды...
Ошентип сынак учуру да келди . Бирок алиги студент жакшы окугандыктан сынактагы бардык суроолорго илгерлетпей жооп берип " беш " деген баа алат .Бирок озоктогу очу орттонгон мугалим жаман баа коюу учун шылтоо таба албай студентти токтотот да "
- Кана айтчы ! Эгер сага бир акыл менен бир кап алтын сунуш кылышса кайсынысын алат элен ? , - деди тирмийип . Студент эч ойлонбостон ;
- Агай , албетте алтынды алам да ,- деди ишеничтуу . Мугалим анын жообун жактырбай орундукка чирене отурду да ;
- А мен болсо акылды алат болчумун , - деди шылдындап . Студент анын жообуна улап ;
- Албетте агай ! Ар ким озундо жок нерсени алат да , - деди жылмайып . Дагы бир ирет созунон жыгылган мугалим ачууланып студенттин " Сынак китепчесин " ачып туруп баа койчу жерине " ЭШЕК " деп жазды да колуна берди . Чон иш жасагансып акыры созго сындырдым деп конулу жайланып отурганда эшиктен студент шашып кирип келди да ;
- Агай ! Сиз оз колунузду коюптурсуз да БАА койгонду унутуп коюптурсуз , -деди кулуп .
Коп адамдар оздору эшектей болуп турса да башка адамдан эшектин кулагын издешет.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Нет комментариев