БУУ Афганистандын кошуналарын чек арасын ачык кармоого чакырды
Бириккен Улуттар Уюмунун Качкындар агенттиги Афганистандын кошуналарын чек арасын ачык кармоого чакырды.
13-августта Женевада өткөрүлгөн брифингде БУУнун Качкындар боюнча Жогорку Комиссарлыгынын өкүлү (UNHCR) Шабия Манту:
“Кырдаал гуманитардык катастрофанын босогосунда турат”, - деди.
“Коопсуздукту камсыз кылбоо эсепсиз жарандардын өмүрүнө коркунуч туудурушу мүмкүн. БУУнун Качкындар боюнча башкармалыгы улуттук бийликтерге зарылдыгына жараша гуманитардык жардамды кеңейтүүгө даяр”, - деп кошумчалады Шабия Манту.
Комментарий: “Талибан” кыймылы да 13-августта афган калкына кайрылды.
“Талибан”отряддарынын тездик менен өсүшү кыймы