Жашоо өз огунда айланып,иш менен жуурулуп,кебектелип, талканга айланып,жарма болуп бышып турган чакта да,”Сиздер жанымдын бир” бөлүгүүсүздөр.
Ата, канча сиздин айткан акылыңыз менен,ар бир баскан кадамдарым, өз оордунан тайыбай келе жатат, сиз берген тарбия, сиз көргөзгөн жол максатына жетсе,анда менин жолум гүлдөйт деп сөз берем Ата!!!
Мектептин бир бурчунан, үнүңүз чыккан кезде кирерге жер таппай,көз алаңдап катуу тарбияңыз менен, акырын өсүш алып келе атамын…. Убайым жебеңиз,”Ата оорубаңыз “- сиздин эми мындан кийинки ырысыңыз,биздин дасторкондун төрүндө жайнап,небере-чөбөрө жыттап,уул кызыңыздардын сый урматтын көрсөңүздөр болду гана.
“Апам жан апам менин”- бул дүйнөгө алып келип,ыйлаган үнүмдү биринчи уккан адамым да сиз,ооба кудуңдап эмизген,ар бир тамчы сүтүңүз оозумда азыркыга чейин кетпей турат,”Актай аламбы деги” - актай алсам анда ыраазымын.
Мончокторум көзүмдүн кареги да,ар бир ирмемдери да,сиздер болсоңущдар керек!
Алыстап канча жылдар ойлоп дагы,санаам сиздикиндей бөлүнбөсө керек,кудайдан сурап,ушул тапта жаткан,жылуу төшөгүңүздү жыттагым келди!-ооба бул сагынуу, билген жанга улуу мекенимдин, бийик тоолоумдун чокусундай бийиктемкарап тургандай сыр бересиздер!!!
Экөөңүздөрдүн, үмүттүңүздөрдү актай аламбы?сиздер түптөгөн. жемиш дарагын,силерче сугарып ,байырлатып,түшүм
чачтыра аламбы,аракетим сиздердин жылдап чогулткан,ак эмгек адал ишиңердин,султаны болушка тырышам.
Жакшы көрөм, “Бактым тоодой” силер барда оорубагыла,кемибегиле!
Сагынуу алыстагы алсыз каттар,
Саргайып жүрөгүмдө туйлай-туйлай.
Силер бар, Ата-энем мен чокууда,
Санаамдын ыры шаңшып,узай-узай.
Каимов.Э.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Комментарии 5