Предыдущая публикация
Куттуу болсун туулган күнүң сары кыз,
Апасына ай ааламдай дары кыз.
Алтын доордун даңазалуу бөбөгү,
Ажайып бир бак каалайбыз баарыбыз.
Балалыгың балдай таттуу күндөйүм,
Баскан жолуң шыдыр болсун гүлдөйүм.
Бакыт өмүр ден соолукта боло кой,
Бар жашооңо жакшылыктар тилейин.
Күн нурунан дем күч берсин Теңирим,
Күндөй кызым ачык болсун көңүлүн.
Күлкүң чыгып дайым жайнап жүрө кой,
Көктөй бийик, узак болсун өмүрүң.
Сырга эжемин, Замир жездемин небереси Раянын туулган күнү менен куттуктайм. Эжемин жездемин өмүрүн улап, эсен боло кой күчүгүм.
Гүлмира Конушбаева
20- сентябрь 2018ж
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Комментарии 15
Небере кыз,.