ЖАШООБУЗ АЗЫР КАНДАЙ БОЛСО ОШОГО ЫРААЗЫ БОЛОЛУ!
Кээ бир адамдар башкалардын байлыгына, никесине, балдарына карап, өз жашоолорун өзгөлөргө салыштыра беришет.
"Алардын жашоосу кандай жакшы! Мен кандай бактысызмын!" дешет алар.
Андай көз караш (өзүн башкаларга салыштыруу)- бул Жаратканга шүгүрсүздүк кылуу эле эмес, ал тынчсыздануу менен кайгыдан артык эч нерсе алып келбеген ооруу дагы.
Эсиңерде болсун, сыртынан баары кооз көрүнөт. А бирок, тереңдеп кирип караганда, ар биринде өз көйгөйү бар экенин түшүнөсүң.
Жараткан бул дүйнөдө ошондой иреттүүлүктү орноткон. Мен кээ бир бай адамдарды жакындан билем, аларга айланасындагылар суктанышат, а чындыгында ал байлар жеке жашоосунда өтө бактысыз.