🌹 *Исламда диндар мусулман аялдын динсиз эркек менен турмуш куруусу харам. Куда-сөөк жагы да бири-бирине шайкеш болгон абзел. Мусулман аял башка диндеги эркекке күйөөгө берилбөөгө тийиш. Турмуш куруу маселесинде аз гана болсо да жалганчылыкка жана ката кетирүүгө жол берилбеши керек. Кош бойлуу аял бошонгон соң гана турмуш курууга уруксат берилет. Күйөөсү каза болгон же ажырашкан аял төрт ай он күн бою идда (турмушка чыкпастан, ошол мөөнөттүн бүтүшүн)күтүүгө тийиш. Бул мөөнөт шариатта "идда" деп аталат. Иддадагы аялдын турмушка чыгуусу дурус эмес. Мындан сырткары, бир экенин эмчегин эмген уул-кыздар бири-бири менен үйлөнө алышпайт. Үйлөнүп жаткан уул-кыздар күбөлөрдүн катышуусуна өмүр шериги менен нике кыйылгандан кийин гана өз ара эрлүү-зайып болуп саналышат. Күйө бала тараптагылар келин тарапка бере турган "калын" деп аталган үрп адаттар биздин Ислам динибизге жок. "Калын" - бул элдин эле ойлоп таап алган каадасы жана ысырапкоорчулуктун, ошондой эле жаштардын үйрөнүүсүнө тоскоол болуучу начар адаттардын бири. Шариатта кыздын өзүнө гана берилүүчү "махр" деп аталган никеде белгиленип берилүүчү акча каражаты бар. Махр - кыздын өзүнүн жеке акысы болгондуктан, аны кызынан алып алуу - атасына да, энесине да харам. Анткени, ал кыздын жеке акысы болуп эсептелинет.*
*Үйлөнүү тоюн мас кылуучу ичимдиктер менен өткөрүүгө динибизде катуу жана кескин түрдө тыю салынган.*
*Үйлөнүпжаткандардын кабары кошуна-колоңдоргода билдирилүүс, б.а. эки-үч кишиге болсо да жарыя кылынып, жашыруун калтырылбашы керек. Анткени жашыруун калган нике ар кандай шек-күмөндөрдү пайда кылат.*
*Биздин динибизде* *"убактылуу нике" деген түшүнүк жок. Нике - бул түбөлүккө бирге болуу үчүн гана байланууга тийиш. Биз айтып өткөн бул маалыматтар мусулман адамдарга гана тиешелүү.*
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Нет комментариев