Баарын эле айта беремин, ушуну да айтпасам болбойт окшойт. Кимдир бирөөгө керек болуп калаар.Мындан 5-6 жыл мурда болсо керек ,кабыл алуума эрди катын келди. Аялынын бети Демодокс клещ болуп көп жыл кыйналыптыр. Дарылоо узакка созулду. Дарыланганы келгенде эже , үйдө бойго жеткен балам бар. Кичинесинен талмасы ( эпилепсия )кармап калат . Атасы экөөбүз жаныбызга алып жатабыз. Бат бат кармайт ,ошого дары чөбүңүз барбы деп сурады. Кантип ичишти түшүндүрүп ,уй беденин гүлүн бердим. Бир айдан кийин келип ,эже алыс алыста кармап жатат ,ошол чөбүңүздөн дагы бериң ,деп сүйүнүп дагы алып кетти. Үч айдан кийин баласын чакырттым , ушул чөптү ичкенден кийин ,бир айда бир кармап калганын ,мурда түнү күн