Предыдущая публикация
Уткуруп мезгил күндөрдөн
Көп окуп көптү билбедим
Кудайга моюн жүгүнбөй
Кирдедим жаман кирдедим
Мезгилди жеңип чыкпастан
Жалкоолук ишке берилдим
Карт уруп белин сыкпастан
Напсиме гана жеңилдим
Учкандай өткөн заманды
Койомун кээде күнөөлөп
Шаштырып алып жаштыкты
Карылык келди тирөөлөп
Чыкылдап өтсө убакыт
Өлүмгө такап жемелеп
Куру бош өткөн жаштыкты
Айтамын кантип керемет
Тирүүнүн санын толуктап
Жандуумун бирок дил өлүк
Ачылган көз ирмемдей
Бир күндүк экен тирүүлүк.
Абдирашит уулу Акматали
Баткен+Актатыр.

Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Комментарии 9