Баардык жан ибадатты баштады,
Жаман адат жоорукту таштады.
Ыйманды бүт жандарга каалаган,
Анткени, биз мусулман жаштары.
Атты мына жакшылык тандары,
Кубанууда ар ким жүрөк жандары.
Ыкласты баарынан бекем тутуп,
Чынында, биз мусулман жаштары.
Эчкимдин бүркөлбөсүн каштары,
Ыйлабасын акбасынчы жаштары.
Элдин камы биздин гана моюнда,
Эл үчүн, биз мусулман жаштары.
Келди мына исламдын аптабы,
Ислам жолу бүт дүйнөгө таркады.
Аллах жолун баарын бириктирген,
Мынаке, биз мусулман жаштары.
Ыймандууну жүрөктөр жактады,
Ислам дини ааламды каптады.
Куранга кызымат кылып таратып,
Кызматта, биз мусулман жаштары.
Абдирашит уулу Акматали.
Баткен+Актатыр.
Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Комментарии 2
Baary chyndyk
Biz Musulman Jawtary jamaatyndagy admistratorloruna Allahym yraazy bolsun