Тынч турбадың жолун тосуп чуркадың
Кашык каның калгычакты күрөштүң.
Бастырбоого Ата журттун турпагын.
Билсе дагы окко учуп кетеерин.
Жан аябай коргоду алар мекенин.
Анткорлорго көрсөтүштү далилдеп.
Өлкөбүздүн анык эрлери экенин.
Бабаларга урпак болдуң татыктуу.
Бул өмүрдөн кетсең дагы аз жашап.
Үч бипбирдей куралдашым сунамын.
Эрдигиңди даңктап ырдан гүл жасап.
Жигит кезде жаңы ачылып гүлдөгөн.
Бүлө күтүп же наристе сүйбөгөн.
Көкүрөгүн окко тоскон Нурсултан.
Баатырларча өтүп кетти дүйнөдөн.
Жаңы келген Өрүкзарга дагы бир.
Жайнап турган жамалынан жанып нур.
Душман менен айыгышкан кармашта.
Отузунда ойрон болду Эсентур.
Кара кийип жоктоп ыйлап жолдошун.
Жаш жесири айтат орду толбосун.
Үч баласын жетим атка кондуруп.
Бекзат кетти таамай тийип коргошун.
Капкараңгы болуп бардык тарабың.
Үч айылда үчөөң башка жатасың.
Үшүтпөстөн бекем басып бооруңа.
Оо жер эне баатырларды карагын.
Биздин жерге кызыл кыргын салышкан.
Өз коңшубуз келсе бир жөн алыстан.
Жан кыйылып алар аткан октордон.
Энелердин көз жаштарын агызган.
Ыйга айланткан наристенин күлкүсүн.
Тажиктердин көрдүк эми нак жүзүн.
Антын актап ажал тапты бөрүлөр.
Көрсөтүшүп баатырдыктын үлгүсүн.
Жоктоп кыргыз шейит кеткен эрлерди.
Муңга батып аза күткөн кез бүгүн.
Биз алардын эстеп дайым эрдигин.
Бир алардын унутпайбыз эч бирин.
Автор: Тешебаева.Р.Т.
Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Нет комментариев