Д.А.
08.02.2016
Жаным Апам.
Жалгыздыка АПА мына багындым
Жалгызсырап сизди ото сагындым
Жаным Апам кагылайын каралдым
Сизсиз жалгыз тунгуйука камалдым
Алтын Апам,айланайын ардагым
Сизсиз абдан атпай кыйнайт тандарым
Сиздей мага эч ким мээрим бербеди
Сиздей болуп керек маалда келбеди
Мен деп соккон журогунду сезбепмин
Мен деп жашап жургонунду билбепмин
Аттин арман,арман кылам мен эми
Укчу арманым,мен уулунмун,тентекмин
Зар болдумго бир ооз сенин созуно
Зарыктымго,мээрим толо козуно
Зар какшадым,зар болгондон озуно
Ыр сап тиздим жашым толо козумо
Ар бир тамчы жаштарымда озунсун
Журогумдо сактап алган моорумсун
Жараткандын буйругуну аткарып
Бул дуйного алып келген озунсун
Сиздин баскан изинизди издедим
Таппай калып мен асманды тиктедим
Балким сизда коруп ыйлап турарсыз
Жараткандан сизге Жаннат тиледим
Ууз суттуу жытынызды искедим
Аттин неге мен ошондо билбедим
Ичим толо арман болуп кеттиго
Сагындымго,алыстасыз,жетпедим
Айтаарым коп,баарысына соз жетпес
Сиз кеттиниз алыстарга мен жетпес
Калдым жалгыз,озунуз жок жалдырап
Журогумдо атыныз бар эч кетпес
Кечириниз АПА мени,уулунду
Катааларым,адашканым,туурумду
Сизсиз мага кээде дуйно ото тар
Сизге арнап ушул ырым сунулду
Жаным Апам,каным Апам,керегим
Сизди корбой соолудуго карегим
Балким аяп сизда карап тургандырсыз
Сиз деп ыйлап зарлаганда журогум
Жаным Апама арналат.
Автор.Д.А
08.02.2016
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Нет комментариев