Кутурган иттер
Дүйнөнү куурчап кутурган иттер
Дүрбөлөң салып көңүлү кирлер
Дүүлдөтуп нечен бир жанды
Дүүлүктүрдү жашынган жиндер
Дүкөндүн баары тизилген арак
Дудуктай баары, токтотот кимдер
Доорго болуп көйгөйлүү оору
Дүйнөнү башкарып алгандай жиндер
Ит деп атайым ичкен бир жанды
Иттен чынында айырма барбы
Ичкилик менен жашоосун тушап
Ит да жактырбас андай жанды
Ийилип моюн сунуп эй берген
Ийри бир жолго башыны малды
Ийкемдүү келбей тагдыр сынына
Ичимдикке башты жүгүнүп калды
Күнүнө көрөм мас болгон адам
Күнөөгө күндө башыны малган
Күчүктөй жерге чубалып жатат
Көрүүдөн андай көздөр уялган
Кымбаты кетип адымдын баркы
Кыямат күнгө жакындып калган
Кырк күндүк өмүр өтөт да кетек
Кызарган д