⠀
✍🏻Үйлөнүү оңой, бирок, үй-бүлө болуу кыйын, уулум. Табиаты башка-башка болгон жана эки башка тарбияда чоңойгон эки адамды көз алдыңа келтирип элестетип көр. Бири-бирине табиаты каршы келген адамдардын жубайлык турмушу да узакка созулбайт.
⠀
Эгерде бул эки адам өз ортолорунда пайда болгон келишпеечүлүктөрдө Ислам динин таяныч кылышкан болсо, мына ошолордун өмүрү тынчтыкта өтөт. Мындай учурда эки тараптын тең, бири-бирине сабырдуу болуулары гана талап кылынат. Албетте, сабырдуулугу жагынан эркек киши аялдан да жогору туруусу керек. Сабыр кылуу - бул кээ бир кыйынчылыктарга керектүү тосуп, Аллахтын амирине кыйшаюусуз амал кылуу.
⠀
☝🏻Сүйүктүү уулум!
⠀
Дагы бир нерсени жакшы билип алгын. Аял - деген бул «бутуңду кысууда, муну ыргытып жиберип, жакшысын алып алайын»дегендей, бут кийим эмес. Үйлөнүү - бул өз ара сүйүүнү, мээримдүүлүктү жана бири-бири үчүн жан кыярлыкты талап кылуучу өтө жоопкерчиликтүү иш. Жакшы колбашчы- толкундуу деңизде кемесин сууга чөктүрүп жибербестен аман-эсен алып журө алган киши.
⠀
📍АЯЛЫҢ КАТА КЕТИРСЕ...
⠀
Ар бир адамдын ката кетирүүгө жол берүүсү мүмкүн, анткени «жаңылбас жаак, мүдүрүлбөс туяк болбойт» дегендей, ката кетирбеген киши да болбойт. Ислам дининен кайтуу жана абийрине шек келтирген ыпластык катасы гана болбогон болсо, башка каталар оңдолуп-түзөлүүсү мүмкүн. Аял - эркекке караганда алсыз. Ошондуктан анын ката-кемчиликтери көп болот. Бирок аялдар өздөрү билбестиктен кетирип алган каталарына эркекке караганда тезирээк өкүнүшөт.
Эгерде үй-бүлө учун жан кыярлык [самоотвеженность] бир гана сен тараптан талап кылынып жаткан болсода, сабыр кыл. Бул сенин өзүң үчүн жакшыраак. Сен анын денгээлине чейин түшпө.А эгер ал мындан да төмөн деңгээлге түшүп кетсе, эмне кылаар элең? Ырас, үй-бүлөлүк турмуштун өйдө-ылдыйына сабыр кылуу, чыдоо тууралуу эч ойлонбосо, анда, үй-бүлөн бир саатта бузулуп, жан уяң көз ирмемде талкаланып калышы ыктымал... Ортоңордо келишпестиктер пайда болсо,(сага, аялыңа жана үй-бүлөңө гана тиешелүү) сырларыңды кошуна-колоңго эч качан айтпа.
#айым_билипал
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Нет комментариев