Жашартуучу күрүч маскасы
Япон аялдары сулуулук жаатында күрчүтөн жасалган маскан абдан көп колдонуп келет. Анткени күрүч азыгы абдан пайдалуу. Ал бырыштарды кетирүүгө, бетиңизди жаш көрсөтүүгө жардам берет.
Керектүү азыктар
3 аш кашык күрүч
1 аш кашык сүт
1 аш кашык бал
Даярдоо жолу
Күрүчтү кайнатып, аны сүзгүчтөн өткөрүп аласыз. Анын суусун сактап коёсуз. Кийин күрүчкө жылуу сүт менен бал кошуңуз. Аны жакшылап аралаштырып маска даярдап, аталган масканы бетиңизге 15 мүнөт коюп, күрүчтү бышырып алган суу менен чайкап коёсуз.
Күрүчтүн суусу-антикосиданттарга бай. Ал терини нымдаштырып, кан айланууну жакшыртат. Ошол эле учурда беттеги тактарды кетирүүгө жардам берет.