Мен дагы жакшы көрөм, бирок болбойт,
Жүрөккө намысымда макул болбойт.
Билемин кыжаалатсың сүйгөнүңдөн,
Чын жагы жашообуз да чогуу болбойт.
Үнүмдү уккуң келип сагынсаң да,
Кагылып карааныма жалынсаңда.
Сендик мен, а сен мендик болбой калдык,
Канчалык чарк айланып табынсак да
Ыйлаарсың аны билем, мен ыйладым,
Чынында чечимимден эң кыйналдым.
Сүйүүдөн намысымды бийик койуп,
Алдыга кадам шилтеп ал жыйнадым.
Көзүңдү жум, унут ,мен да унуткам,
Көрүнбө, жазба дагы жан курутмам.
Эзбегиң, эзилгеним жетет менин,
Дарсы табылаардыр жай турмуштан.
Эгерде тоскоолдуктар болбогондо,
Жаныңда болоор элем түбөлүктүү.
Эркелеп,кээде сени эркелетип,
Жуп болуп жашаар элек өтө күчтүү.
Сүйөм сени, бирок болбойт жолугууга,
Кылыктарың жүрөгүмдү оорутууда.
Үтүр койбой точка койдум мен бүгүн,
Намыс үчүн сүйүүм курман болууда.
Автор: Марсгул Абылова
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Комментарии 80