Салам достор! баарыңарга амандык.
Баарыңардан, алыс болуп жамандык.
Кээде минтип, ал - акыбал сурашам.
Бул деле бир, сапаттыр да адамдык.
Ким брөөдөн, ким бирөөлөр капабы.
Кечиришип, жашоо балын таталы.
Жаратканым берет экен күч-кубат.
Орозоңор, жеңил өтүп жатабы?
Кандай соонун, орозону кармаган.
Жан дүйнөнү, соопторго арбаган.
Кармагандар кубангыла, кээ бирге.
Мындай жакшы күндөр насип болбогон.
Орозоңор кабыл болуп ылайым.
Көп - көптөгөн сооп жазсын Кудайым.
Силер дагы, мага дуа кылгыла.
Мен да сөзсүз, дуа кылып турайын.