Түн жарымы, уйку качат негедир,
Же таба албайм,барбы ага себеп бир.
Терезеден сыртты карап отурсам,....
Карангылык,баары тыптынч,неге сүр.
Отурамын уктай албай негедир,.........
Кээде балким, уйкусуздук керектир..
Ушул кезде , караан болуп калемим,.
Жардам берди жанып турган электр
Асман толгон жыбыраган жылдыздар,
Ай жанырса, анан толгон чындык бар.
Кең дүйнөнүн, кенендигин эстебей.....,
Кээде адамдар кен дүйнөнү кылдык тар.
Кээде кыйнап, өзүбүздү - өзүбүз,
Кээде жээрип, сөзүбүздү-сөзүбүз.
Чырдашабыз, сындашабыз эмнеге,
Болбосо да, болсо дагы жөнүбүз...
Бул - жашоонун биз билбеген сыры көп,
Бул - турмуштун биз сезбеген ыры көп.
Бул - тагдырдын биз укпаган сыны көп,
Бул - өмүрдүн биз көрбөгөн чыны көп.
Кенен дүйнө,кең ааламдын кучагы,
Сансыз ойлор сапырылып, учабы ?
Тирүүлүктө бүтпөйт түйшүк , тирилик,
Жана бүтпөйт, көрө албастык тузагы!
Кең дүйнөдөй кенен болсок болбойбу?
Түшүнүшүп терең болсок болбойбу?...
Жалпысынан АДАМЗАТтын баарынын,
Эмнеликтен бирдей болбойт ойлору ?
Бул өмүргө келмек да бир,кетмек бир,
Жолу түрдүү өмүр көлүн кечмек бир.
Окшош эмес , турмуш жолу ар башка,
Жер алдына, кетмек да бир,жетмек бир.
Беш манжадай бирдей эмес ,эстей жүр,
Дегим келет, бөөдө санаа чекпей жур.
Турмуш деген толкун өңдүү, бир мисал,
Өйдө-ылдыйга өчпөй жүр да,чөкпөй жүр.
Күзгү менен айнек сымал айырма,
Көрөгөчтүк, билгич болгун тайгылба.
Колдон келсе жардам кылгын жардыга
Байлык колдун кири болот кайгырба .
Кайтарымдуу, кайтарымдуу бул өмүр,
Капалыкты, курчутпай тез сүрө бил!!!
Кечиришпей. кектешебиз эмне учун?..
Колдон келсе таарынышпай күлө жүр.
Ар түрдүүчө АДАМЗАТТЫН тагдыры,
Бешенеге жазылган күн баардыгы...
Сындап,чырдап, ушак айтып не пайда,
Пайдасыздыр, араздашып таарынуу...
Багыттардын багыты көп бараткан,
Баарыбызды жалгыз Кудай жараткан.
Жашоо берип, жерди, сууну, турмушту,
Дем алууга бирдей аба тараткан !!!
Кең дүйнөдөй кенен болсок болбойбу?
Түшүнүшүп терең болсок болбойбу?.....
Жалпысынан АДАМЗАТТЫН баарынын,
Эмне учун бирдей болбойт ойлору ?!!!.
Тун жарымы,.. уйкум качты негедир,
Ушунча ойлор болгондугу себептир.
Кечиргиле, капа кылсам ,таарынтып,
Таарынычтар, түбөлүктүү эместир!!!
Автору.С.Минбаева.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Нет комментариев