Ээх неге менин бактым ачылбады,
Эмгиче жетпейт ага акыл дагы.
Билбедим үмүт сенден үзсөм дале,
Бир мага бүтпөйт сезим табышмагы.
Жаңылган сезим үчүн өкүнбөдүм,
Жазылган тагдыр дедим өтүнбөдүм.
Башкадан тунук сезим тапсам дале,
Баары бир сени ойдон өчүрбөдүм.
Анан да ойлорумда канат болуп,
Анан да бүтпөс бұтпөс жараат болуп.
Азыр да жүрөгүмдө жалгыз сенсиң,
Акыл да ойлойт муңдуу аяп коюп.
Билсем да бизди тагдыр кошпогонун,
Билсем да бизди тагдыр соттогонун.
Ызадан муздап жүрөк бүтпөй жараат,
Ыза муң күндөр келет коркпогонун.
Жеттпеген махабаттын кулу болуп,
Жектеген махабаттын уулу болуп.
Өзүмө өзүм анан капа болом,
Өзүм да жүрөм турмуш сыны болуп.
Неге анан сени ойлоп эстей берем,
Неге эми жарга өзүмдү кептей берем.
Тагдырды өзгөрткөнгө күчүм жетпей,
Тагдырга баарын төңкөп жектей берем.
Баары бир жетпесем да сырларым сен,
Баары бир калам чийген ырларым сен.
Мен гана түтөм чыдайм сен бир гана,
Жашоонун таткын бакыт жыргалын сен.
А.Э.Н


Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Комментарии 27