Тизе оорунун себеби ар кимде ар түрдүү болушу мүмкүн. Түнкүсүн буттарым какшап ооруп, жата албай калдым. Өзүм оору жаныма батса да укол сайдырып, дары ичкенди жактырбайм. Ошондон улам эч кандай химикаттары жок зыянсыз нерселер менен дарылап көрөйүн дедим.
Эң биринчи эчкинин ич майын эритип, тиземе сүйкөдүм. Мен аны сызгырып эмес, суу "ваннасында" эритип алдым. Жаңы союлган койдун куйругу майынан алакандай кылып жука кесип, жылуу кезинде тиземе коюп, сыртынан «пищевая пленка» менен ороп койдум. Бул процедура түн ичинде жатар мезгилде кылынбаса, күндүз куйрук май дененин ысыгы менен эрип, ары-бери жыла берет. Көңүл буруңуз, эгерде сиз “пищевая пленканы” көпкө кармасаңыз, кычыштырып, жара пайда кылып жибериши мүмкүн.
Жаңы союлган малдын карын ичинен алынган жинди тизеңиздин үстүнө калың сүйкөп, целлофанга ороп, дагы жылуу нерсеге ороп коёсуз. Ошондон кийин суук тийгизбегенге аракет кылыңыз. Бул процедураны жай мезгилинде жасоо ыңгайлуу.
Адырашман бут-кол, муундары ооругандарга жакшы жардам берет. Адырашмандын башындагы тоголоктон 3-4үн алып, ичиндеги кара дандарды стаканга салат. Анын үстүнө кайнак суу куюлат, жарымынан бир аз көбүрөөк, стакан өтө толуп калбашы керек. Тамактан кийин 20-30 мүнөттөн кийин ичилет. Күнүнө 1 жолу. Мен аягымдан баса албай, тизем ооруп, жүрө албай калганда ушуну ичип жакшы болгом. Адырашман уруктары кошулган тундурма бүт денедеги сууктарды кетирет. Ашказан ооруларын, ашказан жарасын, гастритке даары. Мен ушундайды жылына бир жолу ичүнү адат кылдым. Беш күн. Натыйжасы жакшы. Адырашман уулуу экенин унутпаш керек, өлчөмүнөн көп колдонуу коркунучтуу!
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Нет комментариев