БИЗДИН КЫРГЫЗСТАН
Тоо арасы, жылгалардан суу акса,
Көк майсаңда жаткым келет кубана.
Жата калып кере жутсам тунук суу,
Дабаа болот чаңкап турган жаныма.
Бийик тоолу бейиш төрдөй мекеним,
Эмгектенип сага кызмат этемин.
Алым жетсе даңазалап түбөлүк,
Бийиктетем дос, туугандын желегин.
Ынтымактуу, ырыскылуу элденбиз,
Кылым карып, көптү көрүп келгенбиз.
Айкөл элим, Манас бабам колдогон,
Кут куюлган берекелүү жерденбиз.
Автор: Фарида Эркулова
05.06.2021