Ойгонбосун кыздар эрте түйшөлүп.
Деген өңдү жарык күндү күтүүгө,
Атам сыртан, колтук отун көтөрүп.
Турчу элеңер үйүбүздү жылуулап.
Каймак,майын,жапкан нанын даярдап,
Тур,тургула,дасторконду күттүрбөй.
Деген үндү күтүп жатып, турчу элем,
Жалкоо белем,эркелепмин мышмыңдап.
Илең,салаң кийинчүүмүн үстүмө,
Кээ күндөрү,оң,тескери топчулап.
Бети,колду шашкалактап бат суулап,
Жүзүмдү да жуубаптырмын жакшыраак.
Бала кезден шашмалыгым бар экен,
Сөз талашып,чыга калып бучкактап.
Жолтоо болуп ата-эненин кебине,
Кээ күндөрү жеме жегем катуулап.
Ошол кезде эркелесем эмине,
Жөлөнбөпүн тизеңерди кучактап.
Нукуп койду, мени эмнеге, эми деп,
Тура качып,таарыныпмын тултуңдап.
Эх балалык,аттиң кана ата-эне,
Өксүп алдым,өрөпкүгөн күн беле.
Эркелеткен жүзүңөрдү унутпай,
Улгайсам да, мен баламын силерге.
Үйрүлүшсө балам мага каралап,
Жүрөгүмдүн учу кетет тызылдап.
Элесиңер жетелешип,тартылат,
Аттиң кана, бир көрүнбөй көзүмө.
Өмүр кандай тамшандырган жандууга,
Өкүндүм ээ, ата-эне жок жанымда.
Тирүүсүндө колтуктагын,бучкактап,
Өкүндүрөт өмүр кыска аз эле...
К.Г.2020.25.07.
"Аруу Дүйнө" адабий клубунун мүчөсү.


Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Нет комментариев